Ош шаарында дин кызматкерлери ишембиликке активдүү катышууда

Бүгүн, 8-октябрь күнү «Таза Мурас» акциясынын алкагында өлкө аймагында масштабдуу ишембиликтер өткөрүлдү. Аталган өнөктүккө Ош шаарындагы дин кызматкерлери активдүү катышты.

«Ислам дини тазалыкты туу тутат жана бардык жагынан таза болууга үндөйт. Табият менен таттуу мамиледе болуп, айлана-чөйрөнү таза кармоодо имамдарыбыз ар дайым өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келет», – деди казынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушев.

Айта кетсек, Ош шаарында эсептик каттоодон өткөн 81 мечиттин жамааттары ишембиликке жигердүү катышып, мечиттин айланасында жана короолорунда тазалык иштерин жүргүзүштү.