Баткен казыятынын түзүмүндөгү хатибият жана медресе катчылары атайын окуудан өтүштү

Баткен облустук казыятынын түзүмүндөгү Кызыл-Кыя, Кадамжай, Лейлек, Сүлүктү жана Баткен райондук хатибияттарынын катчылары жарым күндүк атайын окуудан өтүштү. Иш чара-Баткен казыятынын кадр,катчылык жана маалымат адиси тарабынан уюштурулуп, жалпы15 адам катышты.

Семинар алкагында маалымат жана макала даярдоо, медиа сабаттуулук жана иш кагаздарын жүргүүзүү тартиптери боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле мекемелердин иш кагаздарын КРнын өкмөтү тарабынан бекитилген типтүү нускаманын негизинде жүргүзүү талабы коюлду.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө казынын орун басары Муса ажы Жолдошов «Кызматыбыз аманат» темасында лекция окуп, ар бир кызматкерди өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды. Ошону менен катар диний окуу жайлар жана мечиттердин документ иштерин толук жолго коюуну милдеттендирди.

Белгилей кетсек, жума сайын атайын түзүлгөн графикке ылайык иш алып баруу тапшырмасы да берилди.