Полотов Сейитбек Ажиевич Лейлек районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун буйругу менен Полотов Сейитбек Ажиевич  Лейлек районунун  баш имам-хатиби болуп дайындалды.

Полотов Сейитбек Ажиевич  1975-жылы  16-ноябрда Лейлек районунун Интернационал айылында төрөлгөн. 2015-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдындагы «Таир »   медресесин  аяктап, араб тили жана шариат адистигине ээ болгон. Муну менен катар ОшМУнун теология факультетинин базасында дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу курсун бүтүргөн. Сейитбек Полотов  имамдар үчүн уюштурулган бардык курстарга активдүү катышкан.

Эскерте кетсек, Полотов Сейитбек Ажиевич  буга чейин  Лейлек районундагы  «Имам Бухари» мечитинин имамы болуп эмгектенип келген.