Жалкоолук

Жалкоолук – инсандын дүйнө жана акыретте жетчү ийгиликтерине алып баруучу иштерди аткарууда ыкшоолук жана алсыздык кылуусу. Алла Таала Кереметтүү Куранда мындай дейт: “Ал-жерди силерге мойун сундуруп койду. (Андыктан) Силер анын чар тарабында басып, Анын ырыскысынан жегиле. Кайтуу  Ага ( Аллахка гана)” (Мүлк сүрөсү, 15-аят).

Жалкоолук жана бекерчилик менен адам ырыскысын таппайт, анткени Алла Таала, “андыктан анын чар тарабында басып жүр…”, б.а. ырыскы табуу үчүн аракет кыл деп айтты. Эмгектин душманы – бекерчилик. Ким бул дүйнө иштерине жалкоо болсо, ал акырет иштерине да жалкоо болот.

Акыретке даядануудагы жалкоолук тууралуу Алла Таала мындай деп айтты: “А ким момун болуп акыретти каалап, ал үчүн аракеттенсе, мына ошолор аракеттерине сыйлык алышат” (Исра сүрөсү, 19-аят). Тактап айтканда, ким Алла Таалага моюн сунуп, акыретке амал кылса, Алла аларды жакшылык менен сыйлайт. Бул сыйлык албетте жалкоолук эмес, тескерисинче эмгек жана сабырдуулуктун мөмөсү.

Кереметтү Куран аяттарында жана хадистерде жалкоолук айыпталган:

أبي هريرة رضي الله عنه أنَّ رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: (( «يَعْقِد الشَّيطان على قافية  رأس أحدكم -إذا هو نام- ثلاث عقد، يضرب كلَّ عقدة: عليك ليلٌ طويلٌ فارقد، فإن استيقظ فذكر الله انحلَّت عقدةٌ، فإن توضَّأ انحلَّت عقدةٌ، فإن صلَّى انحلَّت عقدةٌ، فأصبح نشيطًا طيِّب النَّفس، وإلَّا أصبح خبيث النَّفس كسلانَ» ))  [رواه البخاري ] .

Абу Хурайрадан (р.а.) риваят: “Алланын Элчиси (с.а.в) айтты: “Шайтан силер уктап жатканда силердин башыңарга үч түйүн түйөт. Ар бир түйүнгө чертип көрүп,  “Түнүң узун, жата бер!” – дейт. Эгерде (инсан) ойгонуп, Алланы эстесе түйүн жазылат, даарат алса түйүн чечилет. Намаз окуса соңку түйүн чечилет. Ошентип (ал инсан) Күчтүү, ак көңүл болуп калат, антпесе кара ниет, жалкоо болуп калмак” (Бухарий).

Ан-Навави айтты (антпесе, жаман ойлуу адам жалкоо болуп калат дегени): “Ким үч нерсени; зикир, даарат жана намазды бириктирбесе, шайтандын түйүндөрүнөн, анын тоскоолдугунун жана өкүмдарлыгынын кесепеттеринен улам жаман ойлуу адам жалкоо болуп калат”.

كان رسول الله صلى الله عليه وسلم، يقول: (( «اللَّهمَّ إنِّي أعوذ بك مِن العَجْز، والكَسَل، والجبن، والهرم، والبخل، وأعوذ بك مِن عذاب القبر، ومِن فتنة المحيا والممات» )) [متفق عليه]

Ал айтты: Алланын Элчиси (с.а.в) мындай деп айтчу: “Оо, Жараткан, мен Сага майыптыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, карылыктан жана сараңдыктан баш калкалайм жана Кабыр азабынан, өмүр менен өлүмдүн сыноолорунан Өзүңө сыйынам”.

 قال الله: إِنَّ الْمُنَافِقِينَ يُخَادِعُونَ اللّهَ وَهُوَ خَادِعُهُمْ وَإِذَا قَامُواْ إِلَى الصَّلاَةِ قَامُواْ كُسَالَى يُرَآؤُونَ النَّاسَ وَلاَ يَذْكُرُونَ اللّهَ إِلاَّ قَلِيلاً [النَّساء: 142]

“Албетте, эки жүздүүлөр Алланы алдашат (алдадым деп ойлошот). Ал болсо ошол жоругу үчүн аларды Жазалоочу! Алар качан намазга турганда адамдарга көрүнүү үчүн гана жалкоолонуп турушат. Алланы өтө аз эстешет” (Ниса сүрөсү, 142-аят).

 وقال: وَمَا مَنَعَهُمْ أَن تُقْبَلَ مِنْهُمْ نَفَقَاتُهُمْ إِلاَّ أَنَّهُمْ كَفَرُواْ بِاللّهِ وَبِرَسُولِهِ وَلاَ يَأْتُونَ الصَّلاَةَ إِلاَّ وَهُمْ كُسَالَى وَلاَ يُنفِقُونَ إِلاَّ وَهُمْ كَارِهُونَ [التَّوبة: 54]

“Алардын кайрымдуулугун өздөрүнөн кабыл болушуна кедерги болгон жагдай (төмөнкүдөй): Аллахка, анын элчисине каршы чыгышкандары, намазга өтө жалкоолук менен келишкени жана өтө жек көрүү менен мал-мүлк сарп кылышкандыгы” (Тообо сүрөсү, 54-аят).

قال الطَّبري: (وأمَّا قوله وَإِذَا قَامُواْ إِلَى الصَّلاَةِ قَامُواْ كُسَالَى يُرَآؤُونَ النَّاسَ [النساء: 142] ، فإنَّه يعني: أنَّ المنافقين لا يعملون شيئًا مِن الأعمال التي فرضها الله على المؤمنين على وجه التَّقرُّب بها إلى الله؛ لأنَّهم غير موقنين بمعاد ولا ثواب ولا عقاب، وإنَّما يعملون ما عملوا مِن الأعمال الظَّاهرة إبقاءً على أنفسهم، وحِذَارًا مِن المؤمنين عليها أن يُقْتَلوا أو يُسْلَبوا أموالهم. فهم إذا قاموا إلى الصَّلاة -التي هي مِن الفرائض الظَّاهرة- قاموا كُسَالَى إليها، رياءً للمؤمنين ليحسبوهم منهم وليسوا منهم؛ لأنَّهم غير معتقدي فرضها ووجوبها عليهم، فهم في قيامهم إليها كُسَالَى)

Мунафыктар Аллага жакындоо алдында Алла Таала момундарга жүктөгөн иштердин эч бирин жасашпайт; Анткени алар акырет жашоосуна, андагы сыйлыкка жана жазага ишенишпейт, бирок өздөрүн сактап калуу үчүн көрүнгөн амалдарды жасашат жана өздөрүнүн мунафыктыгын момундардан жашырышат. Анткени  алар өлтүрүлүшүнөн же акчалары тонолуп кетишинен кокушат. Ошентип, алар намазга турганда эки жүздүүлүк кылып, аларды момундардан санаш үчүн жалкоолук менен турушат. Себеби, алар анын милдеттендирилишине ишенишпейт, ошондуктан ага көтөрүлүүдө жалкоо болушат.

قال البغويُّ: (وَلاَ يَأْتُونَ الصَّلاَةَ إِلاَّ وَهُمْ كُسَالَى [التَّوبة: 54] متثاقلون؛ لأنَّهم لا يرجون على أدائها ثوابًا، ولا يخافون على تركها عقابًا، فإن قيل: كيف ذَمَّ الكَسَل في الصَّلاة، ولا صلاة لهم أصلًا؟ قيل: الذَمُّ واقعٌ على الكفر الذي يبعث على الكَسَل، فإنَّ الكفر مُكْسِل، والإيمان منشِّط)

Аль-Багави айтты: “Намазга өтө жалкоолук менен келишет”, (Тообо, 54-аят) себеби алар намазды окугандыгы үчүн сооп үмүт кылышпайт жана аны калтырганы үчүн жазадан коркпойт.

وقال السعدي: (متثاقلين لها متبرِّمين مِن فِعْلِها، والكَسَل لا يكون إلَّا مِن فَقْد الرَّغبة مِن قلوبهم، فلولا أنَّ قلوبهم فارغة مِن الرَّغبة إلى الله وإلى ما عنده، عادمة للإيمان، لم يصدر منهم الكَسَل)

Ас-Саади айтты: «Алар аларга оор болуп, кылган иштерине өкүнүшөт жана жалкоолукка жүрөктөрүндөгү каалоосу жоголгондор гана себепкер болот. Эгер алардын жүрөктөрүндө Аллага болгон ыйманы болуп, анын казынасына каалоолордон бош болбогондо, алардан жалкоолук пайда болмок эмес.

Жалкоолуктун жана бекерчиликтин кесепеттери:

Биринчиси: Жалкоолук жакырчылыкты алып келет. Анткени адамдын ырыскысы жер үстүндө иштөө, кыймыл-аракет жана изденүү менен гана келет, ансыз кедейлик жана муктаждыкка дуушар болот. Иштегенге жалкоолук жана алсыздык кылса, натыйжасында жакырчылык пайда болот.

Мындай накыл сөз бар: “Аалымдар менен талашпа, акмактарга барба, болбосо аалымдар сени жек көрүшөт, акмактар ​​сени кордоп, тилдешет. Ошондой эле ырыскыңа жалкоо болбо, ырыскыңды таштаба”.

Экинчиси: Жалкоолук чындыкка жетүүгө тоскоол болот. Изилдөө, кыймыл, аракет акыйкатка жетүүгө үндөйт, ал эми жалкоо адам муну жактырбайт. Бул дайыма дүрбөлөңгө (паникага) түшүп, бүт баарын алтын табакта даяр болушун каалайт.

Ошондуктан жалкоолук жана зеригүүдөн сактан, анткени жалкоо болсоң иштебейсиң. Эгерде изденүүдөн зериксең, анда акыйкатка жетпейсиң.

Үчүнчүсү: Жалкоо адамдын куру кыялдары көп болот, бирок кийин далай өкүнөт. Мисалы, баланчадай болууну каалайт, түкүнчөдөй болгусу келет. Бирок аракет кылбайт, кыймылдабайт, ошентип жылдар өтөт. Ошондо өткөргөн өмүрүнө өкүнөт.

Ошондуктан, жалкоо болуп, бекерчи болуп куру кыялдарга алданба, анткени жалындаган жаштык бат эле өтүп кетет.

Төртүнчүсү: Жалкоо адам башкаларга көз каранды. Ал ар дайым дээрлик бардык нерседе башкаларга көз каранды, ошол себептүү эл аны жана анын үй-бүлөсүн сыйлабайт. Жалкоо киши эл арасында кемсинип, кор болуп калат. Анткени ал иштей алса да иштебейт.

Ырыскыңарга эч качан жалкоо болбогула. Эгер жалкоолук кылсаңар башкаларга көз каранды болуп каласыңар.

Бешинчи: Жалкоодон жардам сурабагыла, анткени жалкоо өзүнө пайда келтирген эмес, ал сага кандай пайда алып келмек эле?

Акыркысы, жалкоолук алсыздыкка алып барат. Ал ар кандай даражада болот. Бул ийгиликсиз натыйжалардын бардыгына же айрымдарына жетиши мүмкүн, ар кимиси жалкоолукта жеткен даражасына жараша. Демек, бизге дүйнөдө татыктуу жашоого талыкпай аракет кылышыбыз керек. Ошондой эле бизди Алла Таалага жакындаткан акырет иштерине да талыкпай аракет кылышыбыз зарыл. Ал өзүнүн асыл китебинде мындай дейт: “Алланын сага берген дөөлөтү аркылуу акырет конушуна жетүүгө умтул да, бул дүйнөдөгү ырыскыңды да унутпа…” (Касас сүрөсү, 77-аят).

 وتعالى وقد قال في كتابه الكريم ( وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الْآخِرَةَ ۖ وَلَا تَنْسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا ۖ ) صدق الله العلى العظيم.

Даярдаган: Равшан ажы Эратов, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы