Канттын жооптуу имам-хатиби Баткенден эвакуацияланган жарандарды зыярат кылып, жардамдарды тапшырды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы «Жами Жадид» борбордук мечитинин жамааты Баткенден эвакуацияланган жарандар үчүн тамак-аш жана жаңы кийим-кечелерди топтоду. Аны менен катар 25 миң сомдон акча жыйналып, чек арадагы кандуу кол салуулардан жабыркагандарга берилди.

Кант шаарынын жооптуу имам-хатиби Пазылбек ажы Абдурахманов жамааты менен Кант шаарындагы №25 кесиптик лицейинин жатаканасына жайгаштырылган мекендештерди зыярат кылып, аманаттарды тапшыруу менен аларга сабырдуулук жана кайраттуулук тиледи.

Пазылбек ажынын айтымында, Баткен шаарынан Кант шаарына 40 га жакын адам келген. Алардын көпчүлүгүн аялдар жана балдар түзөт.