Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Ош шаарынын мурдагы казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин бир тууган эжесинин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Ош шаарынын мурдагы казысы  Убайдулла ажы Сарыбаевдин бир тууган эжесинин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Убайдулла ажы! Бууниса эжебиздин  дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Сабыр кылыңыз, Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум эжеңизди  Өз ырайымына алып, Бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев