Ош облусунда мечиттердин эсептик каттоосу боюнча жыйын болуп, тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын бухгалтерия жана чарбачылык-курулуш бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов иш сапары менен Ош облусуна келип, дин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Ош облустук казыятынын жыйындар залында болуп, ага облус казысы Сайидамир ажы Жейналиев, КР ДИМК ТАБнын өкүлү Фурхатбек Адилбек уулу, облустук башкы архитектурадан адис, райондук баш имам-хатибдер жана каттоодон өтпөгөн мечиттердин имамдары катышты.

Күн тартибинде негизги маселе катары каттоодон өтө элек мечиттер боюнча каралып, имамдардан берилген жер, курулуш жана тиешелүү документтер боюнча суроолорго жооптор берилди.

“Биз Азирети Муфтийдин атайын тапшырмасы боюнча мечиттерди каттоо маселесин талкулоо үчүн келип отурабыз. КР ДИМКнын эсептик каттоосунан өтпөй жаткан диний объектилер эмне себептен кечигип жатат, кайсы документ иши оор болуп жатат, мына ушул нерселерди аныктап, монитринг жүргүзүп, тиешелүү органдар менен биргелешип чечүү үчүн келдик. Азыр өзүңүздөргө маалым болгондой, 300 м2  жетпеген мечиттерди каттоо алда канча жеңилдеп калды. Ушуну эми тездетип, бүтүрүп бериңиздер!”, – деди Асанбай ажы Бекматов.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө Баткен окуясында жабыр тарткан элге жана дин кызматкерлерине жардам берүүдө жигердүү иш алып барган Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев жана Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакировдор Алкыш баракчалар менен сыйланды.

Эскерте кетсек, Асанбай ажы Бекматов мечиттердин эсептик каттоо маселелери боюнча жеринде таанышуу үчүн аймактардагы казыяттарда жолугушууларды өткөрүүдө.