Самидин кары Атабаев башында турган аалымдар тобу аймактардагы жолугушууларын улантууда

Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин өлкө аймагында диний агартуу кербендерин уюштуруу жөнүндөгү буйругун аткаруу алкагында Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбеков баштаган топ Ош шаары жана Ош облусунда эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Аталган кербендин аалымдары бүгүн, 7-октябрь күнү Өзгөн районундагы эл менен жолугуп, жамий-мечиттерде жума баяндарын жасашты. Ошондой эле кечинде Өзгөндүн Борбордук мечитинде шам баяны уюштурулду.

Шам баянында матуридилик акыйдасы, ханафилик мазхабы боюнча тереңдетилген баяндамалар жасалып, элдин суроолоруна жооптор берилгенин билдирген Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров буларга токтолду:

«Муфтияттан келген агартуу кербенинин эл менен жолугушуулары жогорку деңгээлде өтүүдө. Самидин кары Атабаев мазхаб кармануунун зарылдыгы боюнча маалымат берсе, дин аалымы Абу Бакр Марат уулу акыйда боюнча лекция окуду. Ал эми Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбеков фикх жаатында сүйлөп, суроолорго жооп берди». 

Эскерте кетсек, сөз болуп жаткан аалымдар үй-бүлө институту, улуттар аралык ынтымак, илим-билим, адеп-ахлак жана жаштар жаатындагы темаларда да кеңири сөз кылып, эл биримдиги, Мекен бүтүндүгү үчүн дуба кылышты.