Сүлүктү шаарынын баш имам-хатби болуп Мизамидин уулу Алмухаммед ажы дайындалды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун  буйругу менен Мизамидин уулу Алмухаммед Сүлүктү шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды.

Мизамидин уулу Алмухаммед   1977-жылы  28-июнда Лейлек районунун Самат айылында жарык дүйнөгө келген. Мовароуннахр мусулмандар идарасынын таалим бөлүмүндөгү медреседе илим алып, кийин Кыргызстан ислам университетин аяктаган.  Бүгүнкү күнгө чейин Лейлек районундагы  «Каттабек М2» мечитинин имамы кызматын аркалап келген.