Нийматилла ажы Топчиев Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабировдун  буйругу менен Топчиев Нийматилла Асилбекович Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды.

Топчиев Нийматилла Асилбекович  1977-жылы 19-сентябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылында жарык дүйнөгө келген. Египеттеги «Ал-Азхар» жана Баткен мамлекеттик университетин аяктаган. Бүгүнкү күнгө чейин Кызыл-Кыя шаарындагы «Азирети Усман» медресесинде мүдүрлүк кызматта жана Кызыл-Кыя шаардык хатибиятында эмгектенип келген.