Муфтияттын кызматкерлери Чүй облусунун тургундары менен жолугушуп, үй-бүлө баалуулуктары, улуттар аралык достук боюнча баяндама жасашты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кеңешчиси Дүйшөнбек ажы Өтөнбаев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Рафаил ажы Татиков Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундары менен жолугушуп, үй-бүлө баалуулуктары, улуттар аралык достук жана терс диний агымдардын алдын алуу, зордук-зомбулукту болтурбоо, Ханафий мазхабы, Матуридий акыйдасы, ысырапкорчулукту токтотуу боюнча баяндама жасашты. Муну менен катар Дин Башкармалыктын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар берилип, өлкө үчүн дуба кылынды.

«Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак – ырашкерликте, достук-боордоштук жашоого үгүттөйт. Момун мусулмандардын бардыгы эч бир улут, урууга карабастан бир тууган болгондон кийин, ар бир мусулман менен боордош бир тууганындай мамиле кылуубуз керек. Ынтымакта, тынчтыкта жашоо, бардык адамзатка жакшы мамиле кылуу – Аллахтын ырайымына бөлөй турган сыпат»,-деди Равшан ажы Эратов.

Муну менен катар кыргыз эли үчүн ыймандуулук, абийирдүүлүк, ынтымак-ырашкерлик, сабырдуулук, биримдик аба менен суудай керек экендиги айтылды.