Кара-Суудагы «Ача-Мазар» мечитинде ремонттор жүргүзүлүп, шарттар жакшыртылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан-Кыштак айылынын «Ача-Мазар» мечитинде ремонт жасалып, дааратканасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мечиттеги ремонт иштерин жана даараткананы бардык шарты менен заманбап үлгүдө оңдоону мечиттин жамааты көтөргөн.

Диний объектидеги окуу бөлмөлөр жана даараткананы жаңылоого муктаждык болуп келгенин билдирген мечит имам-хатиби Иманбек Азизилла уулу буларга токтолду:

 «Жамаатыбыздын күчү менен эскилиги жеткен дааратканабыз толугу менен оңдоодон өткөрүлдү. Ысык суу, 10 кабинасы, душу менен заманбап үлгүдөгү дааратканага ээ болдук. Ошондой эле окуу бөлмөлөрү да капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Алла Таалам мечитибизге салым кошкон ар бир момун-мусулмандан ыраазы болуп, миң-миллиондогон соопторду берген болсун».

Ал эми Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров ремонт иштерине жакындан жардам көрсөткөн жарандарга ыракмат айтуу менен бирге мечиттин имам-хатибине ийгиликтерди каалап,

«Иманбек акыйдасы түз, илимдүү, үлгүлүү дин кызматкерлерибиздин бири. Ушул мечитке имам-хатиб болуп дайындалгандан бери бир сом айлык албай, ак кызмат өтөп келди. Мындай жигиттер элибизге, мекенибизге, динибизге көп-көп кызмат кылышы керек», – деп билдирди.   

Эскерте кетсек, аталган мечитте кышка даярдыктар кызуу жүрүүдө.