Сулумбек ажы Узеналиев: «Талас районундагы мечиттердин каттоосу бүттү»

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районуна караштуу Орто-Арык айылында райондогу имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарада район аймагындагы мечиттердин каттоосу аяктаган мечиттердин күбөлүктөрү тапшырылды. Мындан тышкары Сулумбек ажы бир мечиттин күбөлүгү жакынкы күндөрдө берилерин айтып, район баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиевге жана жалпы имамдарга ыраазычылык билдирди.

«Буйруса, Талас районундагы мечиттердин каттоосу бүттү. Бул имамдардын жана район баш имам-хатиби Райымберди Өмүралиевдин мээнети. Андан сырткары жаңы курулуп жаткан хатибияттын кеңсеси да бүтөрүнө аз калыптыр».

Облус казысы жолугушуунун жүрүшүндө үшүр жана зекет туурасында да кеңири токтолуп, «Нисабы жеткен ар бир адамга зекет берүү фарз эмеспи. Дыйканчылык жана багбанчылык кылган инсандарга үшүр берүү да милдеттүү. Бул жаатында эл менен тыгыз иш алып барып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Ар бир имам өзүнүн айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана илим окуп жаткан балдарга үшүр зекеттен жардам бериңиздер. Алгач ар бир айыл илим талап кылып окуп жаткан балдарын камсыз кылганы туура», – деп билдирди.