Ош шаарында Муфтияттын диний агартуу кербени эл менен жолугушуу өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний агартуу кербени Ош шаарындагы «Али аль-Байт» мечитинде шаар тургундары менен жолугушуп, үгүт-насааттарын айтышып, диний баалуулуктар жөнүндө баяндама жасашты. 

Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев баштаган, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбеков, Бишкек шаарынын борбордук мечитинин имамы Баястан Марат уулу болуп, агартуу кербенинин алгачкы тобу өлкөнүн түштүк аймагында дин негиздери боюнча маалыматтарды элге жеткирүү иштерин баштады. 

Алгач сөздү Самидин кары Атабаев баштап, мазхаб кармануу зарылдыгы жөнүндө айтып өттү.

«Сапарга чыккан адамдын жол картасы болбосо, адашып кетүүсү мүмкүн болгондой эле, мазхаб кармабаган адам дагы диндин туура жолун таба албай, адашып кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан жол картасы сыяктуу бизге туура жолду далилдер менен көрсөтүлгөн мазхаб жолунда жүрүшүбүз керек», — деди Самидин кары Атабаев

Андан соң сөзгө чыккан Баястан Марат уулу маркумга Куран окуп багыштоонун өкүмү жана пазилеттери боюнча түшүндүрмө берип өттү.

Иш-чаранын басымдуу бөлүгүндө диний суроо-жооп болуп, шаар тургундары өздөрү кызыккан диний суроолоруна Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбековдон жооп алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Самидин кары Атабаев жаш өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун кесепеттери, ага карата берилүүчү жазалардын күчөтүлгөндүгүн баса белгилеп өттү.

Кошумчалай кетсек, аталган аалымдардын диний агартуу кербени бүгүн, 7-октябрь күнү Өзгөн районунда болушат.