Кара-Буура районунун имамдары Баткенден жабыр тарткандар үчүн акча топтоду

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында райондогу дин кызматкерлерине жыйын болуп өттү. Жыйында имамдар райондун баш имам-хатиби  Исламбек Куматаевге соңку үч ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалыматтык отчёт беришти.  

Жыйындын жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби Баткен облусунда катталган каргашалуу окуя боюнча токтолуп,

«Жапа чеккен тургундарга колдоо көрсөтүү максатында ар бир имам өзүнүн колунан келишинче жардам бердиңиздер. Мындан ары жергебизде ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн деп дуба кылалы. Сиздер топтогон акча каражаты өз дарегине жеткирилет», – деди Исламбек.

Белгилей келсек, райондогу имамдар өз жанынан топтогон акча каражат 83 миң сомду түздү.