Жалал-Абад облусунда мечиттердин каттоосу боюнча дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Салихин» жума мечитинде мечиттердин каттоосу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга КМДБнын алдындагы мечиттердин каттоосун жөнгө салуу боюнча жумушчу топтун төрагасы Асанбай ажы Бекматов, Азирети Муфтийдин жардамчысы Асан ажы Сыргабаев, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, КР ДИМК өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облустук архитектурасынын адиси Бакыт Байжигитов жана каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары катышты.

Асанбай ажы Бекматов жыйында мечиттерди каттоосуна керектүү документтер боюнча консультация берип, имамдардын суроолорун канааттандырды.

Топтун төрагасы Асанбай ажы казыят жетекчилигине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, каттоо иштерин тез арада бүткөрүү тапшырмасын берди.