Самидин кары Атабаев жана Эмилбек ажы Асылбеков Өзгөн хатибиятын зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбеков Ош облусунун Өзгөн районуна жасаган иш сапарынын алкагында Өзгөн райондук хатибиятын зыярат кылды. Өзгөн хатибиятынын кеңсесин жана хатибият структурасын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмилбек ажы Асылбековго тааныштырган Азирети Муфтийдин орун басары,

«Өзгөн райондук хатибияты активдүү иш алып барып жаткан хатибияттардын бири. Жеке мен Акжол ажы Бакиров башында турган хатибияттын ишмердүүлүгүн баалайм. Бул хатибият муфтият жана казыяттан берилген буйрук-тапшырмаларды өз убагында аткарууга алуу менен бирге алгылыктуу иш-чараларды уюштуруп келет», – деп билдирди.

Белгилей кетсек, Өзгөнгө барган аалымдар тобу Азирети Муфтийдин аймактарда эл менен жолугушууларды өткөрүүгө багытталган диний агартуу кербенин уюштуруу жөнүндөгү буйругун аткаруу алкагында Ош облусу жана Ош шаарында жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.