Бисмиллахир-Рохманир-Рохиим
Киришүү
Ислам дини Орто Азияга келгенден баштап эле бул аймакта көптөгөн аалымдар чыгып, Орто Азия элдеринин жана жалпы ислам цивилизациясына жигердүү салымкошушкан. Мисалы Бухара шаарынан чыккан Абу Абдуллах Мухаммад бин Исмайил аль-Бухарий (ө.ж 256/870) аль-Жаамиус-сахих аттуу китеби менен хадис илиминде кадыр барктуу орунга ээ болуп, ислам ааламына орундуу салымын кошкон. Бул эмгек хадис илиминде “Алланын китебинен кийинки эң сахих китеп ” деген чоң атка ээ болгон. Абу Абдуллах Мухаммад бин Исмайил аль-Бухарий бул багыттында алдыңкы аалымдардын катарына кирген. Самарканддык Абу Мансур Мухаммад бин Мухаммад аль- Матуридий (ө.ж 333/944) акыйда-калам илими боюнча аалымдардын көч башында турган. Ислам акыйдасы багытында өзүнүн мектебин – матуридий акыйдасын түптөгөн. Ошондой эле байыркы ордолуу Ош шаарынан чыккан аалымдардын да ислам цивилизациясына салым кошууда учу кур эмес.
VI/VII-кылымда Ош шаарында туулуп өсүп, жашаган аалым Сиражуддин аль-Оший (ө.ж 575/1179) ал өз кезинде хадис, фикх, акыйда сыяктуу ислам илимдери боюнча ар түрдүү китептерди жазып, өзүнөн кийинки муундарга илмий мурасты өткөрүп берген. Сиражудин аль-Оший Караханийлер мамлекетинин карамагындагы Фергана аймагына кирген Ош шаарында илмий иш-аракеттерди жүргүзгөн.[1]
Алуддин Абу Бакр бин Масьуд аль-Касаний (ө.ж 587/1191) дүйнөгө Казыхан деген аты менен таанымал болгон Хасан бин Мансур аль-Өзгөний (ө.ж 592/1197) жана Бурхануддин Али бин Абу Бакир аль-Маргаланий (ө.ж 593/1197) сыяктуу белгилүү аалымдар мына ошол Фергана аймагынан чыгышкан.[2]
Малым болгондой эле Маварауннахр аймагында Ханафий мазхабы өнүккөн жана 300 гө жакын ханафий фикх аалымдары жашап өткөн. Маварауннахр башка аймактарга салыштырмалуу ханафий мазхабы түптөлгөн жер болгон Ирак аймагынан алыс жайгашканына карабастан ханафий мазхабдын өнүгүшүнө таасир эте баштаган. Алгач, Бухарада Имам Мухаммад бин Хасан аш-Шайбанийнин окуучусу Абу Хафс аль-Кабир (ө.ж 216/831) башында турган аалымдар фикх илимине байланыштуу илимий иш аракеттерди ушул шаарда жүргүзүшкөн. Самарканд шаары да илимдин борбору болуп, аалымдардын көпчүлүгү ушул жерден илмий иш аракеттерин түптөшкөн жана жайылтышкан. Ошол мезгилде түптөлгөн Бухара, Самарканд медреселери бүгүнкү күнгө чейин ислам цивилизациясына эбегейсиз салымын кошуп келүүдө.
Өз кезинде мечиттерде жана медреселерде ислам илимдери жана дүйнөлүк илимдер да окутулуп, аймактагы калктын сабаттуулугун арттырып, коомдун социалдык, маданий, эконимикалык жашоосунун өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон. Гоеграф Макдисий хижрий 374-жылы Маварауннахрга болгон саякатында, Фергана өрөөнүндө мечиттери бар кыркка жакын шаар жана айылдардын атаган.[3]
Мен бүгүнкү конференцияда Шамсулаимма Мухаммад бин Абу Сахл ас-Сарахсий жөнүндө кененирээк токтолуп кетсем. Учурдан пайдаланып ушундай пайдалуу конференцияны уюштурганы үчүн Өзбекстан мусулмандар идарасынын жетекчисине жана жалпы уюштуруучуларга чоң ыраазычылык билдирип кетем.
1000 жылдан бери улуу эмгектери менен мусулмандарга нур чачкан, жарык жол көрсөткөн Ханафий мазхабынын улуу аалымы Имам Сарахсиден Аллах ыраазы болуп, аны өз ырайымына бөлөгөн болсун!
Абу Бакр бин Мухаммад бин Ахмад бин Аби Сахл Ас-Сарахси ислам дини, ислам дининдеги Ханафий мазхабы жана фикх илими жөнүндөгү бир нече китептерди жазган атактуу ислам аалымы болгон. Айрым тарыхый булактардагы маалыматтар боюнча ал 1096-жылдары (хижрий 490-ж.), айрым маалымат булактары боюнча 1090-жылдары (хижрий 483-ж.) жашап өткөн. Имам Сарахси Караханид мамлекетинин Марв (Мерв) жана Найсапур (Нишапур) шаарларынын ортосунда жайгашкан Сарахс деген жерде төрөлгөндүгү үчүн өз атына жердигин билдирип турган “Сарахси” (сарахстык) сөзү кошулуп айтылып калган.
Имам Сарахси Ханафи мазхабындагы алдыңкы аалымдардан болгон. Бул мазхаб жөнүндө эбегейсиз зор эмгектерди мурас калтырган. Ал көптөгөн шакирттерди даярдаган жана көптөгөн имамдар андан билим алышкан. Башка аалымдардан айырмаланып, анын күчтүү билими, теңдешсиз эмгектери адамдардын жан дүйнөсүнө жарык чачып, ааламга Күндүн нуру сыяктуу чачырап тургандыгы үчүн замандаштары аны Күнгө, Күндүн нуруна теңеп, “Шамсул Аимма” же “Имамдардын күнү” аттуу лакап ат ыйгарышкан. “Шамсул Аимма” деген сөз араб тилинен которулганда, “Шамс – Күн, Аимма – имамдар” дегенди түшүндүрөт. Чындыгында, анын илими, эмгектери ааламга Күн сыяктуу нурун чачып турган. Буга анын бир эле “Аль-Мабсут” китеби мисал боло алат. Факих аалым фикх илимин терең өздөштүргөндүктөн, анын “Аль-Мабсут” китеби исламдагы ханафий мазхабынын юриспруденциясы (фикх илими) жөнүндө жазылган дүйнөдөгү теңдешсиз салмактуу, теңдешсиз баалуу эмгек болуп сакталып калган. Бул эмгекти бүгүнкү күндө да Ханафий мазхабы жөнүндө жазылган дүйнөдөгү эң далилдүү эмгек катары баалашып, аны ушул күнгө чейин улуу окумуштуулар да колдонуп келе жатышат.
“Аль-Мабсут” сыяктуу эмгектерди калтырып кеткен ушундай даңазалуу аалымдын 1000 жыл илгери биз менен мекендеш болуп жашап, Кыргызстандын Өзгөн шаарында Ханафий мазхабынын негизин түзгөн улуу эмгектерди жазып кеткендиги дүйнө мусулмандарынын алдында биз үчүн чоң сыймык жана анын эмгектери ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин Ханафи мазхабын даңазалаган эмгектердин эң далилдүүсү, эң улуусу болуп келе жатат. Аалымдын зор эмгектерин сактоо, ата-бабаларыбыздан бери жашап келе жаткан Ханафий мазхабын жайылтуу, урпактан-урпакка өткөрүп берүү жалпы мусулмандардын улуу милдети. Бүгүнкү конференциянын максаты да ушул деп ойлойм.
Шамсул Аимма Ас-Сарахси биздин акылыбызды кеңейтти! Ал бизге нечендеген баа жеткис эмгектерди мурас кылып калтырып кетти. Анын өз учурунда Күн сымал чачкан билим нурлары биздин күнгө чейин тарап, анын Ханафий мазхабы жөнүндөгү эмгектери бизге жол көрсөтүп, бизди билимге сугарып отурат.
ИМАМ САРАХСИНИН ТУУЛГАН ЖЕРИ ЖАНА АНЫН ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ
Шамсул Аимма Абу Бакр Мухаммад бин Ахмад бин Абис Сахл Ас-Сарахсинин туулган жери Сарахс шаары болгон. Бул шаарча Хорасан өрөөнүндөгү Машхад менен Марвдын арасында, т.а. Машхаддын 146 км түндүк чыгышында жана Россия менен Иран чегарасын бөлүп турган Теженд дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Бул жердин жери жакшы болгону менен кургакчылыктын айынан жалаң жайыт жерлер гана бар болуп, эл жашаган жерлери аз эле. Жергиликтүү эл негизинен төө багышкан. Убагында пахта, жибек жана кездеме токуу менен алектенишкен. Шаардагы үйлөр көбүнчө топурактан жасалган кирпичтен курулган.
ИМАМ САРАХСИНИН ЫСЫМДАРЫ
Имам Сарахсинин азан чакырылып коюлган аты – Мухаммад, лакап аты – «Имамдардын күнү» маанисин түшүндүргөн «Шамсул Аимма». Бул лакапка татыктуу болгондугу үчүн Имам Сарахсини бул лакап менен биринчи жолу устазы Абдул Азиз бин Халвани чакырган. Кунясы [4] – «Абу Бакр».
ЖАШООСУ ЖАНА ЗЫНДАНГА САЛЫНУУСУ
Имам Сарахси 1009-жылдары (хижрий 400-жылдары) жашап өткөн, Караханий доорунун аалымы болгон. Анын балалык чагы жана үй-бүлөсү жөнүндө 10 жашында соода-сатык кылган атасына шерик болгондугу жөнүндө гана маалымат бар.
Мамлекет башкаруучулары менен аалымдардын ортосунда келишпестиктер, талаш-тартышуулар жүрүп турган Караханиддердин өкүмдарлыгы учурунда жашаган Ас-Сарахсинин өмүрү көбүнчө көчмөндүк жашоо менен өтүп, ошол эле учурда бир жагынан кресттүүлөр жортуулу, экинчи бир жагынан кичине өлкөлөргө айланып талкаланган Ислам ааламында күндө-күнгө адилетсиздик менен салыктар көбөйүп, ызы-чуулар чыгып турган убакка туш келген.
Ислам ааламы тыштан келген кол салуулар менен опузаланган учурда Караханиддерде да ички башаламандыктар аз эмес эле. Бул өлкөдө эң диндар факихтердин[5] айрымдарын жазалаган бийлик менен уламалардын арасында келишпестиктер болуп турган. Күндөн-күнгө салыктын баасы жогорулап, Имам Сарахси буга каршылыгын билдирген жана салыктын көбөйүшүн кабыл албаган адамдардын чечимин туура көрүп, мунун аларга пайдалуу экендигин эскертип турган. Бул эл көтөргүс ашыкча салыкты төлөбөөгө үндөгөн фатва[6] чыгарган. душмандары Каган Амир Хасанга Ас-Сарахсини элди көтөрүлүшкө чакырды деп чагымчылык кылып, Каган Амир Хасан тарабынан 1073-жылдары (хижрий 466-жылдары) Имам Сарахси Өзгөн шаарындагы зынданга салынат. Башка булакта ал Кагандын азат кылган күң аялдардын күтүү мөөнөтү (иддасы) бүтө электе кызматчылары менен никеге тургузгандыгын арам деп фатва чыгаргандыктан зынданга салынат.
Имам Сарахси «Шархус Сиярул Кабиир» аттуу чыгармасынын аягында өзүнө нааразы болгондорду жана Каган Амир Хасанга ушак ташыгандарды айтуу менен бирге аларга «Азгырылган адамдар» деп наалат айтып, аларды эң төмөн, эң начар адамдар катары көрсөткөн. «Бүт мээсиз бузукулардын чагымы, жаман максаттын артындагы коркунучтуу адамдардын жана жаман чагымдарынын натыйжасында мекенинен айрылган жана Султан тарабынан зынданга ташталган күнөөкөр байкуш кул… Алла алардын баарын уят кылсын. Чоң-кичине баарына сабак кылсын», – деп жазган.
Имам Сарахси өзүнүн эң таанымал жана эң чоң чыгармасы «Аль-Мабсутта» өзү жөнүндө «Жарык чачкан, чындыкты айткан, ушул себептен зынданга ташталган, жалганды жок кылууну каалаган, ошол себептен камакка алынып сүргүнгө айдалган жана элден алыс кул…» деп жазган.
Адамды таң калтырган күчтүү эс-тутумга ээ болгон Имам Сарахси зынданга алынган учурда ага китепканасын колдонууга тыюу салынган. Күчүнүн жетишинче, жокчулукка карабай, мүмкүнчүлүгүнө жараша чыгармаларын ушул терең зынданда жазган. Бир дагы китепке карабай, даярданбай туруп эсинен зындандын жогору жагында турган окуучуларына «Аль-Мабсут» чыгармасын жаздырган. Анын башка «Усуулул Фикх», «Шархус Сиярул Кабиир», «Зиядатуз Зиядат», «Шарху Жамиис Сагиир», «Шарху Жамиил Кабиир» чыгармаларын жазган.
Шамсул Аимма Ас-Сарахси күндүзү орозо кармап, түндө узун нафил намаздарды окуган. Ысык-суукка карабастан, көптөгөн кыйынчылыктарга сабыр кылып, илимий иштерин уланткан. Зынданда сабак жаздырып жаткан күндөрдүн биринде бир окуучусунун жок болгондугун байкап калып, анын кайда экендигин сурайт. Жанындагы окуучусу анын даарат алганы кеткендигин жана сууктун айынан өзү даарат алуудан баш тартканын айтат. Окуучусунун бул айтканын уккан улуу факих окуучусуна мындайча жооп берет: «Алла сени кечирсин. Ушул сууктун айынан эле даарат алуудан баш тартуудан уялбайсыңбы? Дагы деле эсимде. Мен Бухарада окуучу болуп жүргөн кезимде бир күнү ичим өтүп, ажатканага бир күндө кырк жолу барууга мажбур болгонмун. Ар бир жолкусунда даарат алуу үчүн арыкка барат элем. Ушунчалык суук болчу, бөлмөмө келгенимде сыям тоңуп калчу, аны алып көкүрөгүмө сүртүп жылытчумун. Көкүрөгүмдүн ысыгы сыяны эриткенден кийин гана сабагымды жаза баштайт элем».
Имам Сарахси факих эле эмес, мыкты чечен, сөзмөр жана Алланын өтө такыба кулу болчу. Жогоруда айтылган окуя анын такыбалыгына ачык далил. Ансыз деле факих аалым Аллахтан өтө корккон такыба жана баш ийүүчү болмоюнча аалым деп саналбайт. Себеби, өзөксүз кабык сымал болору бышык.
Он беш жылдык зындан жашоосунан кийин 1087-жылдары (хижрий 480-жылдары) боштондукка чыккан соң, Имам Сарахси факих Имам Сайфуддин Абу Ибрахим Исхак бин Исмаилдин меймандостугун сыйлап, Маргананга барып, эмгектерин ушул жерде бүтүрөт.
Имам Сарахси чындыкты айтууда эч кимден тартынбаган зат болгондой эле, Маварауннахрдагы[7] чоң аалымдарыбыздан да болгон. Жашоосунун акыркы үч жылын боштондукта өткөргөн. Таң калыштуусу, ал эң чоң чыгармасын он беш жылдык зындандагы оор жашоосунда жазган. Имам Сарахсинин Алланын өкүмдөрүн бузбоосу, чындыкты жашырбоосу, жамандыктан кайтаруусу, чындык менен жалгандын аралашпоосу үчүн көрсөткөн аракеттери, чындык үчүн тарткан кыйынчылыктары азыркы замандагы мужтахиддерге[8], өздөрүн аалым көрсөткөндөргө, кээ бирөөнүн көңүлүнө жагуу үчүн фатва[9] чыгаргандарга, шарияттан тышкары ижтихад[10] кылып чечим чыгаргандарга чоң үлгү болот.
ИМАМ САРАХСИНИН ИЛИМИЙ ЖЕТИЛҮҮСҮ
Шамсул Аимма Ас-Сарахси узак жылдар бою Бухарада Абдул Азиз Ал Халванийдин сабактарына катышкан, Халванийдин эң көрүнүктүү окуучусу болгон.
Имам Сарахсинин Абдул Азиз Ал Халваний, Шейхул Ислам Абул Хусейн Али бин Ал Хусейн бин Мухаммадис Сууди Ал Ханафи жана Абул Хафс Умар бин Мансурул Баззаз деген аалымдардан билим алган. Халванийдин жолу менен устаздарынын чынжыр тизмеги төмөнкүчө уланат; Ас-Сарахси Ал Халванийден; Ал, Абдуллах бин Якуб Ас-Сабазмуунийден; Ал, Абу Хафсис Сагирден; Ал, атасы Абу Хафс Кабирден; Ал Имам Мухаммад Аш-Шайбанийден. Шамсул Аимма Ас-Сарахси өзү окуган Бухарада устаздык кылып шакирт өстүргөн.
ИМАМ САРАХСИНИН МАДАНИЯТЫ ЖАНА ИЛИМИ
Ханафий факихтеринин эң алдыңкыларынан болгон Имам Сарахси «Шамсул Аимма» деген ат менен да таанылат. Ал чыгармаларынын өлчөмү жагынан эң улуу мусулман аалымы болуп эсептелет. Абу Ханифа жана Имам Мухаммаддан кийинки Ал-Хассаф, Ат-Тахави, Ал-Кархи жана Ал-Халванийдин катарындагы үчүнчү даражадагы аалым. Ас-Сарахси Ханафи мазхабында мужтахид[11] болуп кабыл алынган.
Анын Аль-Мабсут деген чыгармасы Ханафи мазхабындагы эң негизги төрт китептин бири болуп кабыл алынган. Өзүнүн көз карашынын тууралыгын эле далилдебестен, башка бардык көз караштар жөнүндө да бир системада анализ жүргүзгөн чоң эмгек. Имам Сарахси шарият маселелерин салыштырмалуу анализ жүргүзүү жолу менен жазган биринчи аалым болгон.
Баяндамалардын биринде зындандан чыккандан кийин (кээ бир маалыматтарда зынданга кирерден мурда деп жазылат) шаардын акими имам Сарахсини башка факихтер менен бирге конокко чакырат. Аким балалуу күңдөрүн (Уммул Валад [12]) көз карандысыз эркек кызматчылары менен баш коштурат. Аким аалымдардын бул маселе жөнүндө көз караштарын сурайт. Баары «Жакшы кылдың» деп, анын бул ишин макташат. Бирок Имам Сарахси бул маселеге көңүл коюп, «Ката иш кылдың. Себеби бул күңдөрдүн (Уммул Валад) күйөөлөрү булардан мурда күң эмес, эркин аялдарга үйлөнүшкөн болчу. Сен алардын эркин аялдарына бирден күң аялды күңдөш кылып койдуң» деп жооп берет. Аким «Андай болсо алар менен ажырашам, эркиндик берем», – деп, алардын баарын коё берип, күңдөрүнүн никелерин кайрадан жаңылайт. Аалымдарды кайрадан чакырып, суроо узатат. Аалымдардын баары дагы «Жакшы иш кылдың» дешет. Бирок бир гана Имам Сарахси дагы каршы чыгып, «Дагы ката иш кылдың. Себеби Уммул Валад сени менен ажырашкандан кийин, экинчи үйлөнүүдөн мурда шариятта көрсөтүлгөндөй, идда[13] күтүүсү зарыл. Мындай абалда иддасы бүтө элек аялдарга нике кыюу туура эмес. Бул маселени изилдеп көрүү керек, ошон үчүн мындай нике жараксыз», – дейт. Алла Таала Имам Сарахсини ушундай таң калтыруучу жооптору менен башка аалымдардан жогору кылган.
Имам Сарахси араб тилин жакшы билген. Чыгармаларын жалаң араб тилинде жазган. Кээ бир учурларда гана фикх маселелерин ачыктоо үчүн фарс тилин да колдонгон. Ал математика жана география илимин да мыкты өздөштүргөн. Ыр менен да алектенип, көп учурда ыр саптарын жазган. Анын ыр саптарын «Мабсут» китебинен да кездештирсе болот.
Ал башка аалымдардын китептерин айрымдарын гана кайрадан чечмелеп жазып чыккан. Ал факих Имам Мухаммаддын чыгармасын кайрадан чечмелеп жазып чыккандыгы бизге маалым.
«Аль-Мабсут», «Китабул-Усул» жана «Шархус-Сиярул Кабиир» китептериндеги Имам Сарахсинин жазуу эрежелери анын мыкты адабий ыкманы колдонгонун көрсөтүп турат. Чыгарма жазууда окуучу устазынын үйрөткөн каада, эрежеси менен жазат. Имам Сарахси китеп жазууда башка китептерди колдонбогондугу белгилүү.
Имам Сарахсинин сабак үйрөтүү үчүн окуучулардан бир жамаат түзгөндүгүн айткан элек. Анын эң таанымал окуучулары төмөнкүлөр:
- Усман бин Али бин Мухаммад бин Мухаммад бин Али Абу Умар ал Байкандий ал-Бухарий.
- Абу Бакр Мухаммад бин Ибрахим Ал-Хасарий.
- Шамсул Аимма Махмуд бин Абдил Азиз Ал-Узгандий.
- Бурханул Аимма Абдул Азиз бин Мааза.
- Масуд бин Ал Хусайн Ибнил Хасан бин Мухаммад бин Ибрахим Ал-Каштаний.
- Абу Хафсис Сагир Умар бин Хабиб.
- Рукнуд-Дин Масуд бин Ал Хасан ал-Кашаний.
ИМАМ САРАХСИНИН ЭМГЕКТЕРИ
«Сифату Ашратис-саъа» жана «Макаматул-Кыяма»
Имам Сарахси бул чыгармасын окуучулук кезинде жазган. Муну Шамсул Аимма Халваний жазып, Ас-Сарахси түзгөн, тартипке келтирип жазып чыккан. Бул китептин эң сейрек кездешкен нускасы Парижде Bibliotheque Nationale (nr. Arabe 2800, барак 44 2B-46 5B, чоң көлөмдө, ар бир бетте 31 сап жазылган журналдын ичинде) китепканасында сакталып турат. Бул чыгарма ислам калам илиминин мөмөсү сыяктуу колдонулат.
«Шарху Зиядатуз-Зиядат»
Хижранын 1378-жылы Хайдар-Абадда Абул Вафа тарабынан басылып чыгарылган бул чыгармада Имам Сарахси зындан жашоосу жөнүндө төмөнкүлөрдү жазган:
«Кыямат күнү мага кирешелүү болсун жана мен да пайда тапкан адамдардан болоюн деп, түз жолго кеткендердин жолун карманып, насыят айткандардын арасында мен да ак сөз сүйлөп, зынданга салындым. Дүйнөдө кыйынчылык азаптардан кутулуудан үмүтсүз абалдамын. Алла Азза ва Жалла жалаң такыба ээлеринен ыраазы болот. Ал саалих кулдарын өзүнө өкүл кылат. Саткын чыккынчыларды куулуктарынын жана айла-амалдарынын себебинен улам максатына жеткирбейт. Жакшы адамдардын сыйлыктарын азайтпайт. Башында жана аягында мактоолор Аллага болсун».
«Усулу Сарахси» («Китабул-Усул»)
Имам Сарахси бул чыгармасын Өзгөндө зынданда жазган. Чыгарманын «Бабуш Шурут» бөлүгүнө жеткенде зындандан чыгарылган. Зындандан чыгккандан кийин Маргананга (бир баяндамага караганда Фарганага) барып, чыгармасынын калганын ал жакта бүтүргөн.
«Аль-Мабсут»
Бул чыгарманы Имам Сарахси эч бир китептен колдонбой жазган. Аль-Мабсут Хакимуш-Шахиддин «Ал Кафи» аттуу чыгармасынын кайрадан чечмеленип жазылганы.
Имам Сарахси «Аль-Мабсут» аттуу китебинин киришүү бетинде «Фикх илимин биринчи болуп классификацияга жана бөлүктөргө бөлгөндөр – Имам Азам Абу Ханифа жана анын шакирттери. Окуучусу Имам Абу Юсуф Ахбар илимин эң жакшы билген аалымдардын катарына кирет. Дагы бир окуучусу Хасан бин Зияд Ал Лу Луи суроо жана тафри илиминде эң жакшы жетишкендиктерге жеткен алдыңкы аалымдардан. Имам Зуфар жана калган окуучуларынын ар бири, ар башка илимдерди мыкты өздөштүргөн алдыңкы аалымдардан болгон.
Имам Аззам Абу Ханифа сахабалардын доорунда туулган. Сахабалардан Абу Туфайл Амир бин Васила, Анас бин Малик жана Абдуллах бин Хайр Забидилерди (Аллах алардан ыраазы болсун) көргөн. Табииндердин доорунда илим үйрөнүп, факих даражасына жеткен. Имам Сарахси «Аль-Мабсут» чыгармасын Өзгөндө зынданда жатканда жазган. Бул жөнүндө «Аль-Мабсут» китебинин талак бөлүмүнүн аягында «Китабул Мукатабанын» шархы[14] да зынданда жазылган. Ал эки жылдан бери үзгүлтүксүз уланып жазылып жаткан болчу. «Китабул Валанын» шархы түрдүү мээнет, кыйынчылыктардын ичинде жазылган. Алла Тааладан мени бул балээден, мекенден айрылуудан урматым жана шарапатым менен куткаруусун тилеймин. Ал каалаган нерсесин кылууга күчү жетет», – деп жазган.
Имам Сарахсинин китептеринин ичинен эң көлөмдүү жана эң таанымал китеби 30 томдук «Аль-Мабсут» болуп саналат.
«Шархус-Сиярул Кабиир»
«Сиярул Кабир» Имам Мухаммаддын Ирактан кеткенден кийинки жазган китеби. Имам Сарахси бул чыгарманы зындандан чыккандан кийин шарх түрүндө жазып баштап, Маргананга келгенден кийин бүтүргөн.
Имам Сарахси бул чыгармасын качан каерде жазгандыгын төмөнкүчө баяндайт: «Бул чыгарманы хижранын 479-жылы Зил-Каъда айынын биринчи күнүндө (дүйшөмбү күнү) Өзгөндө Сабыр Амир Күн лакабы менен таанылган Абу Али Ал Хусайн бин Абил Касымдын үйүндө окуучуларына жаздырып баштаган. Бул Аман темасынын аягына чейин жазылды. Кийин ошол эле Өзгөндүн зынданында калганын жеринен улап баштадык. Бул жерде Шурут темасына чейин жазылды. Зындандан 20-рабиул-аввал күнү бошотулуп чыгып, Сайфуддин Ибрахим Исхак бин Исмаилдин үйүндө жашап калдык. Шейх Сайфуддин жана башка факихтер бизден бул чыгарманы жазып бүтүрүшүбүздү суранышты. Ошентип Шурут темасынан улап, калганын Алланын жардамы менен хижранын 480-жылы 3-жумадил ула күнү бүтүрдүк».
Бул чыгарма Византия чегинде жана Орто Азия өлкөлөрүндө кызмат кылган мусулман аскерлерге керектүү чыгарма. Ал доордун аскерлеринин муктаж болгон маалыматтары бул чыгармада бар эле. Бул чыгармада Византиянын Балгар падышалыгы жана көптөгөн согуштар жөнүндө жазылат. Исламда, соода-сатык, аскердик топтордо кызмат кылгандар, оорулууну караган аял-кыздар, ал доордогу акчалар, согушта алынган олжо буюмдарынын арасындагы бүркүт куштары, аңчылыкта колдонгон Индиянын жапайы мышыктары жөнүндө да жазылган.
ИМАМ САРАХСИНИН ААЛАМДАН ӨТҮШҮ
Имам Сарахси чындыкты кесе айткан өткүр аалым болгондуктан, анын ачуу чындыкты айткан сөздөрү өз заманындагы бийлик төбөлдөрүнө жакпай калып куугунтукка алынып, зынданга салынат. Зынданда 15 жылдык өмүрү өтөт. Аалым Сарахс жергесинен Фаргана өрөөнүндө жайгашкан, ошол кездеги караханийлер мамлекетинин чыгыш борбору болгон Өзкент (азыркы Өзгөн шаары) шаарына көчүп келип, өмүрүнүн акырына чейин ушул жерде жашоосун улантат жана ушул жерде ааламдан өтөт. Аалымдын сөөгү Өзгөн шаарына коюлган. Улуу факих Шамсул Аимма Абу Бакр Мухаммад бин Аби Сахлис-Сарахси 1090-жылдары (хижрий 483-жылдары) 81 жашында көз жумат.
Жыйынтык
Ушул жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде маалым болгондой, Чыгыш аалымдарынын ислам цивилизациясына кошкон салымы эбегейсиз зор салым деп айтсак болот.
Борбор Азия өлкөлөрү эзелтеден бери Ханафий мазхабын тутунуп келишет жана бул Орто Азия элдери, өзгөчө Кыргызстан эли үчүн Ханафи мазхабын тутунуу салтка айланып калды десек жаңылышпайбыз. Чыгыш аалымдарынын улуу эмгектерин сактоо, аны элге үйрөтүү, ата-бабаларыбыздан бери жашап келе жаткан мазхабды, ислам маданиятын урпактан-урпакка өткөрүп берүү, тамырын бекем жайылтуу жана келечек муундарга кеңири түшүндүрүү баарыбыздын милдетибиз.
Даярдаган: Равшан ажы Эратов, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы
[1]Оштук аалым-Сиражуддин аль-Оший, ОшМУ теология факултети.
[2]Оштук аалым-Сиражуддин аль-Оший, ОшМУ теология факултети.
[3]Оштук аалым-Сиражуддин аль-Оший.ОшМУ теология факултети. 27-б.
[4]Куня — Арап маданиятында Абу (эркектер үчүн), Умму (аялдар үчүн) сөздөрүн кошуп айтууну «куня» деп коюшат. Мисалы: Абу Бакр-Бакрдын атасы, Умму Салама-Саламанын апасы.
[5]Факих – Фикх (Шарият) илиминин Аалымы жеУкук таануучу.
[6]Фатва– Исламда шарият аалымынын бир маселе жөнүндө чыгарган чечими же Ислам эрежелери менен Ислам укугуна байланыштуу бир маселенин чечимин ачыктаган сөзү.
[7]Маварауннахр Бухараны камтыган географиялыкаймактын аты. Сөздүк мааниси «Дарянын наркы өйүзүндөгү жер» деген маанини түшүндүрөт. Бул дарыя Жайхун (Аму дарыясы). Амави өлкөсүнүн чегарасы Жайхун дарыясына чейин жеткен жылдары, ал жердин чыгыш бөлүгүн Маварааун Нахр деп аташкан. Бул ат ХХ кылымга чейин колдонулуп келген термин.
[8]Мужтахид — Аят жана хадистерден шарияттын өкүмдөрүн чыгарган дин аалымы.
[9]Фатва– Исламда шарият аалымынын бир маселе жөнүндө чыгарган чечими же Ислам эрежелери менен Ислам укугуна байланыштуу бир маселенин чечимин ачыктаган сөзү.
[10]Ижтихад кылуу – Мухтаждык пайда болгондо аят жана хадистерден шарияттын өкүмдөрүн чыгаруу.
[11]Мужтахид – Аят жана хадистерден шарияттын өкүмдөрүн чыгарган дин аалымы.
[12]Уммул Валад – кожоюнунан төрөгөн күң. Бир күң Уммул Валад болгондон кийин аны кожоюну башкага сата албайт.
[13]Идда – Күйөөсү менен ажырашкан аял башка күйөөгө чыгуудан алдың үч этек кири көрүүсү, идда күтүү деп аталат.
[14]Шарх– чечмелөө, ачыктоо. Бир китепти кайрадан чечмелеп, ачыктап жазып чыкса, кайрадан чечмеленип жазылып чыккан китепти анын шархы деп коёт.