Карыз алганда оңой, бергенде кыйын

«Ар бир адам ката кетирүүчү. Ал эми ката кетиргендердин эң жакшысы тооба кылгандар» – дегендей, Алла Таала адамдын күнөөлөрүн кечириши мүмкүн. Бирок пендеге болгон акыларын өздөрүнө калтырат. Ошондуктан, бирөөнүн буюмун себепсиз алуу, көңүлүн оорутуу же карыздар болуп, адам акысына кирип калуудан сактануу зарыл. Өзгөчө карыз алып, аны берүүгө мүмкүнчүлүгү бар болсо да, атайын кечиктиргендер  жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Мүмкүнчүлүгү бар болуп, карыз төлөө мөөнөтүн кечиктирсе, кечиктирген ар бир күнү үчүн зулумдук кылуучу катары күнөө жазылат», – деп айткан.

Ал эми карызынан кутулбастан кайтыш болуп, карызы төлөнбөй калса анын акыретти боюнча пайгамбарыбыз (с.а.в): «Карызын өлгөнгө чейин бербеген адам, акыретте жакшы амалдары менен төлөйт. Эгер жакшы амалдары жок болсо, карыз берген адамдын күнөөлөрүн жүктөп коёт», – деп айтты.

Карыз алууда аны өз убагында берүү ниети менен алыңыз. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Кимде-ким өз убагында төлөө ниетинде карыз алса, Алла ага жардам берет. Алла Таала ага, карызынан тирүү кезинде кутулуу үчүн жеңилдик жана мүмкүнчүлүк берет», – деди

Эгерде төлөбөйм деген ниетте алган болсоңуз туура болбой калат. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в): «Кимде-ким карызын төлөбөйм деген ниетте алган болсо, анда ал акыретте уурулардын катарында болот», – деп айткан.

Азыркы учурда деле карыз алып, бербей койгондор да жок эмес. Анткени карыз бергенде оозеки сүйлөшүү гана жүргүзгөндүктөн, эч кандай далили жок болуп, алданып калышууда. Бул тууралуу Кереметтүү Куранда карыз алуу жана берүү эрежеси менен төмөнкүдөй баяндалат:

«Эй, ыйман келтиргендер! Белгилүү бир мөөнөткө бири-бириңерден карыз алсаңар (берсеңер), аны жазып койгула! Анан да ортоңордо бир катчы адилеттүүлүк менен жазсын. Катчы Алланын ага үйрөтүүсү боюнча жазуудан баш тартпасын. (Карызды кайтаруу) милдеттендирилген (адам) айтып, ал (катчы) жазсын. (Жазган) Эгеси болгон Алладан корксун жана андан эч нерсе кемитпесин. Эгер карыз (киши) акылсыз, алсыз же ал жазууга кудуретсиз болсо, андай учурда өкүлү адилеттүүлүк менен жазсын. Эркектерден эки күбөнү күбө катары катыштыргыла. Эгер эки эркек болбосо, андай учурда күбөлүккө өтүүгө өзүңөр ылайык көргөн бир эркек менен эки аял. (Аялдын) бирөөсү адашса, экинчиси аны түзөйт (эскерет). Күбөлөр чакырылган кезде баш тартышпасын. (Карыздын) аз же көп экенине карабастан белгилүү мөөнөткө жазып койуудан эринбегиле. Мына ушул – Алланын алдында адилеттүүрөөк жана күбөлүк үчүн бекемирээк, күмөнсүрөбөшүңөргө жакыныраак. Бирок өз ара кол алышып, жасалган нак соода болсо, аны жазуунун кажети жок. Соодалашкан кезде күбөлөндүргүлө. Катчы да, күбө да зыянга учурабасын. Эгер андай кылсаңар ал силер үчүн күнөө. Алладан корккула. Ошондуктан Алла силерге үйрөттү. Алла – бардык нерсени Билүүчү» (Бакара сүрөсү, 282-аят).

Сактыкта кордук жок демекчи, жогорку аятта айтылгандай, карыз алуу жана берүү тартибине ылайык, аны күбөлөрдүн катышуусунда нотариус аркылуу жаздырып алуу абзел.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Карыз алганда анын өлчөмү аз же көптүгүнө карабастан, ага кайдыгер мамиле кылбай өз убагында төлөө зарыл. Анткени канчалык көп жакшылык иштерди жасаган болсоңуз да, акыретте карызыңыз сизди артка тартуусу мүмкүн. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Шейиттин карызынан башка баардык күнөөлөрү кечирилет», – деп айткан.

Карызыңыз бар болуп, бирок башка жакшылык иштерди жасоого ашыкпаңыз. Анткени Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Карыздар адам, карызын төлөмөйүнчө садака бербесин», – деп айткан.

Эми карыз берүүчү жөнүндө айта турган болсок, карыз берген адам түшүнүктүү болуп, күн сайын доолабастан, мүмкүнчүлүк болгонго чейин убакыт берсе же карызын кечип жиберсе, ал акырети үчүн пайда табат. Бул тууралуу Кереметтүү Куранда төмөнкүдөй баяндалат:
«Ал эми эгер (карыз алган адам) кедейчиликтин кыйынчылыгында болсо, ал байыганга чейин күткүлө. Ал эми билсеңер: кайрымдуулук кылууңар – өзүңөр үчүн жакшыраак» (Бакара сүрөсү, 280-аят).

«Муктаж адамга балык бергенге караганда, балык тутканды үйрөткөн жакшыраак» дегендей эле, карыз берүүчү адам дагы өз кеп-кеңешин айтып, жол көрсөтүүсү, жумушу жок болсо жумуш табуусуна жардам берүү менен жакшылык иштин сообуна ээ болот.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Карыз алуу адамдын түн уйкусун, жүрөгүндөгү тынчтыгын бузат. Карыз алганда оңой, бергенде кыйын демекчи, мүмкүн болушунча карыз алуудан алыс болуңуз. Алла Таала эч кимди пендеге муктаж кылбасын.

Даярдаган: Акпарали уулу Алибек, Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси