Ош шаарында эсептик каттоо боюнча талкуу өтүп, зарыл маалыматтар берилди

Бүгүн, 12-октябрь күнү КМДБнын бухгалтерия жана чарбалык-курулуш бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов иш сапары менен Ош шаарына келип, борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин жооптуу адамдарына жыйын өткөрдү.

Аталган жыйынга Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам хатиби Исак ажы Юнусов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Фурхатбек Адилбек уулу, архитектуранын өкүлү жана эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин жооптуу адамдары катышты.

Асанбай ажы Бекматов мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү үчүн даярдалып жаткан тиешелүү иш кагаздарын карап чыгып, бүтпөй жаткандыгын себептери боюнча токтолуп өттү.

«Биз Азирети Муфтийдин атайын тапшырмасы боюнча мечиттерди каттоо маселесин талкуулоо үчүн келип олтурабыз. Учурда мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүүнү тездетүү максатында бир топ жеңилдиктер түзүлүүдө. Айта кетсек, 300 метр квадратка жетпеген мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча жеңилдиктер каралды. Сиздердин мечитиңиздердин дээрлик баары ал өлчөмгө жетпегендиктен, тездеп бүтүп калды», – деди Асанбай ажы Бекматов.

Эскерте кетсек, Асанбай ажы Бекматов буга чейин Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча жыйындарды өткөргөн.