Лейлектин баш имам-хатиби имамдарды кышка даярдык көрүүгө чакырды

Баткен облусунун Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек Полотов аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, кыш мезгилине даярдык көрүү, мечиттерди каттоодон өткөрүү жана ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин тынмсыз жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

«Мечиттердин жылуулугуна азыртан кам көрүп, оңдоп-түзөө иштерин жасоо керек. Муну менен катар эл менен тыгыз иштейли. Өзгөчө ханафи мазхабы, матуриди акыйдасын жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан чыгарылган фатваларды жакшы түшүндүрөлү», – деди Сейитбек Полотов.