«Муаз ибн Жабал» медресеси эвакуацияланган жарандарга ысык тамак уюштурду

Баткен шаарындагы Муаз ибн Жабал медресеси БатМУнун көп тармактуу коллежинде жана №3 мектебине эвакуацияланган жарандарга ысык тамак уюштурду.

Иш-чаранын максаты аларга кубаныч тартуулоо менен биргеликте руханий дем берүү, сабырдуулукка, ынтымакка жана биримдикке чакыруу, ошондой эле жалгыз жаратканга таянууга, жараткандан тилеп дуба кылып, тилек айтууга үндөө болду.

«Пайгамбарыбыз тааныган-тааныбаган адамга тамак берүүнү кайырдуу амал деген эмеспи. Ошол эле учурда момун-мусулманга көңүл буруп, аны менен алек болуу зарыл. Биз аз болсо да кайгы басып турган бурадарларыбызды кубантып, дубаларын алалы дедик», – деп билдирди уюштуруучулар.