“Апиза эне” ислам институтунда спорттук таймаш өткөрүлдү (фото)

Кечээ, 12-октябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунда спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдеш спорттун волейбол түрү боюнча болуп, ага институттун ректору Абдирашит ажы Батыров баштаган институт мугалимдери жана студенттер катышты.

 “Күчтүү момун күчсүз момундан абзел жана артыгыраак. Сиздер бир эле спорт жаатында эле эмес, ар бир тармакта күчтүү болушуңуздар керек. Ошондой эле окууда, жүрүм-турум жана адеп-ахлакта үлгүлүү алдыңкы катардагы студенттер болушуңуздар зарыл”, – деди институттун ректору Абдирашит ажы Батыров. Абдирашит ажы студенттердин таймашка активдүү катышканын белгилеп, уюштургандарга, катышкандарга ыраазычылык билдирди.

Негизинен таймашка “Апиза эне” ислам институтунун бардык курстагы студенттери катышты. Жыйынтыгында биринчи орунга 1-а курс, экинчи орунга 1-в курс, ал эми үчүнчү орунга 1-б курсу ээ болду. Алдыңкы орундарга ээ болгон командаларга, институттун администрациясы тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Оюн учурунда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге  “мыкты чабуулчу”“мыкты коргоочу” номинациясы ыйгарылып, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.