Баш мыйзам менен кепилденген дин тутуу эркиндигин тебелеп, билим алууга ынтызар жаштардын аруу тилегин сындырганга эч кимдин акысы жок!

Соңку убактарда социалдык тармактарда жоолук маселеси боюнча талкуулар жүрүп,  кайым айтышуулардын көбөйүп бара жаткандыгы байкалууда. Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутатынын жоолук боюнча айткан пикири элибиздин Баш мыйзам аркылуу кепилденген дин тутуу эркиндигине каршы келет жана коомдун дестабилдешүүсүнө жол ачышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасында жарандардын дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет. Жоолук маселеси мектептин олуттуу көйгөйүнө айландырылбашы керек. Ислам дининде   аялзатына жоолук салынуу буйругу ыйык Куранда ачык айтылган.

«Эй пайгамбар! Жубайларыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдардына айткын: «үстүлөрүнө сырткы (кенен) кийимдерди жамынышсын…» (Ахзаб, 59)

Пайгамбарыбыз: «Аял – оронушу керек болгон аврат. Сыртка чыгар замат шайтандын көзү түшөт». (Муслим, Рада 18)

Билим берүү мекемелерине жоолук салынып барган окуучу кыздар диний тандоолору үчүн кодуланбашы керек. Андан көрө  билим берүүнү жакшыртып, келечек муундардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, жакшы тарбиялап чыгуу абзел. Кыргыз элинин салт-санаасы, улуттук баалуулуктары жана кийими Ислам динине каршы келбейт. Ата-бабалар эзелтен улуттук баалуулуктарды бекем сактап, ошол эле учурда Ислам динин дагы тутунуп келишкен.

Калкыбыздын 90 пайызы мусулманчылыкты карманат. Баш мыйзам менен кепилденген дин тутуу эркиндигин тебелеп, билим алууга ынтызар жаштардын  аруу тилегин сындырганга эч кимдин акысы жок!  

Ар бир бала эч тоскоолдуксуз эркин билим алууга укуктуу. Балдар биздин эң баалуу байлыгыбыз.  Жаш өспүрүмдөр уучубузду улап, урпакты көбөйтүп, мамлекетибиздин туусун көтөрө турган мураскорлорубуз экендигин унутпасак. Бардыгын жоолук маселесине байлап, балдардын билим алуусуна бут тосуулар басмырлоо жана Баш мыйзам менен кепилденген укуктарын тебелөө деп эсептейбиз. 

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы салттуу Ислам динин карманууга, Исламдын принциптери менен жуурулушкан дөөлөттөрүбүздү, анын ичинде салттуу  кийим-кечебизди унутпоого жана адамдардын дин тутуу эркиндигин сыйлоого чакырат.