Кара-Кулжадагы имамдарга жыйын болуп, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча тапшырма берилди

Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Кара-Кулжа районуна иш сапары менен барып, аймактын имамдарына жыйын өттү. Облус казысы иш сапарынын алкагында Ханафи мазхабынын негизинде фикх илими боюнча сабак өтүп, имамдардын суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле аймакттагы имамдарга мамлекеттин жана элдин тынчтыгына доо келтирген ар кандай чакырыктарга алдырбоо, элдин тынчтыгын, биримдигин жана ынтымагын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берип, эл менен активдүү иш алып барууга чакырды.

“Пайгамбарыбыз (с.а.в) хадисинде “Алла Таалага тынчтыкты сурагандан жакшыраак нерсе жок”, – деген. Биз имамдар эл менен тыгыз байланышта болуп, элди тынчтыкка үндөйлү. Акыркы учурларда коомубузда тилекке каршы, зордук-зомбулук көбөйүп кетпедиби. Мунун алдын алууга аракет кылышыбыз керек”, – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.