Ноокатта Баткен окуяларынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча жигердүү иш алып баргандар сыйланды

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев райондогу жума мечиттердин имамдарына жыйын өттү. Жыйындын жүрүшүндө Азирети Муфтийдин №289 буйругуна ылайык, имамдарга бир канча тапшырмалар берилди. Жума баяндарында зордук-зомбулуктун алдын алуу, улуттар аралык ынтымак, мекенди сүйүү жана ар кандай чагымчыл топторго арлашпай тынчтыкты сактоо боюнча элге жеткиликтүү маалымат берүү, ошондой эле каттооддон өтпөгөн мечиттердин ишин алдыга жылдырууну тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Жыйындын аягында Баткендеги окуядан жабыр тарткан жарандарга жардам берүүдө активдүү иш алып барган район имамдары “Ардак громата” менен сыйланды.

“Тынчтык зор дөөлөт. Жума баяндын аягында элди ынтымакка жана ар кандай провокацияга алдырбоого чакырып, тынчтыкка үндөңүздөр. Айтылган буйруктарды так, өз убагында аткарасыздар деген ишеничтебиз”, – деди Музаффар ажы Турдубаев.