Уланбек кары Курманбаев өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча өткөн жыйынга катышты

Бишкек шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында шаардык мэрия тарабынан өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын жетекчилиги, Свердлов районунун баш имам-хатиби Уланбек кары Курманбаев, укук коргоо органдары жана ата-энелер катышты.

Жыйын алкагында “Адепсиздик” деген эмне? Кылмыштуулук жана анын жазасы, ошондой эле зордук-зомбулуктун алдын алуу, суицид, экстремизмди алдын алуу боюнча маалыматтар берилип, баяндамалар жасалды.

Райондун баш имам-хатиби Уланбек кары Курманбаев коомдо болуп жаткан жагымсыз окуяларга жана себептерине токтолуп, буга калайыктын социалдык, экономикалык абалы, ошону менен миграция да өз таасирин тийгизип, көпчүлүк балдардын каралбай жатканын билдирди. Баш имам-хатиб жаш өспүрүмдөргө таалим-тарбия берүүдө хатибият менен бирге иш алып барууга чакырды.