Сулумбек ажы Талас имамдарына зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас шаарынын имамдары менен жолугушту. Жолугушууда Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов имамдардын 3 ай аралыгында аткарган иштери боюнча облус казысына маалымат берип жатып, «Талас шаарынын имамдарынын иштери жакшы. Талапка ылайык шаар аймагындагы мечиттердин каттоолорун толугу менен бүтүрүп алдык», – деп билдирди.

Облус казысы мечиттердин каттоосу убакытты жана каражатты талап кыларын белгилеп, шаар аймагындагы мечиттердин каттоосу аягына чыгышы имамдардын талыкпаган мээнети жана Алла жолундагы сооптуу иш экенин айтты. Андан тышкары зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында имамдар жер-жерлерде эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жакшыртууну тапшырды.

Эскерте кетсек, Сулумбек ажы каттоодон өткөн мечиттердин күбөлүгүн имамдарга өз колу менен тапшырды.