Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл районуна иш сапары менен барып, эл менен жолугушууларды өткөрдү

Бүгүн, 14-октябрь күнү 2021-2026-жылдарга КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепсиясын жана КР өкмөтүнүн “2017-2022-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршылык көрсөтүү жөнүндө” программасын ишке ашыруунун негизинде, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Эмилбек Асылбеков, Жеңишбек Курбанов, Кенжетай Курманходжаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, облус тургундары менен жолугушту. Аалымдар коомчулуктун арасында диний экстремизмди алдын алуу маселелери боюнча токтолуп, адилеттүүлүк, биримдик, ынтымак, ошондой эле ханафи мазхабы боюнча кеңири маалымат беришти.  

Жолугушуу Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында өтүп, алгач элдин тынчтыгын, амандыгын сурап дуа кылынды. Облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, шаар имамдары, ЖОЖ студенттери, Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз райондорунан окуучулар, мугалимдер жана мекеме, ишканалардын өкүлдөрү катышкан бул жыйында аалымдар төмөнкүлөрдү билдирди.

 “Момун-мусулман ааламга “бир туугандыктын бешиги” катары карап, жаратылган бардык нерселер менен байланышта болуу жолдорун издөө жана жалпысынан момун-мусулмандарга зыян бербестен, жакшы мамиле жасашы керек”.

Ал эми облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков: “Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан бул иш-чара коомчулукка, айрыкча жаштарыбызга кеңири маалымат болуп, диний терс агымдардын иш-аракеттери, азгырыктары, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, тазалык, маданияттуулук, ыйман туурасында коомчулукта иш алып барууну мындан ары жакшыртууга болгон чоң кадам”, – деп белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө диний терс агымдардын кесепеттери туурасында кыскача тасмалар көрсөтүлдү.

Мындан сырткары Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, Каракол шаарындагы мечиттерде ынтымак, биримдик туурасында жума баяндарын өтүп, суроо-жооп уюштурушту.

Эскерте кетсек, аалымдар иш сапарынын соңунда облустук казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышты.