Жалал-Абадда диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча 9 ай ичиндеги жетишкендиктер жана таңкыстыктар талкууланды

Бүгүн, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Садырбекович,  Жалал- Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек  Кайсарбаев, Жалал-Абад облусунун район-шаарларынын аким-мэрлердин орун басарлары жана Архитектура жана курулуш көзөмөлдөө ишканасынын жетекчилери, облустагы район-шаарлардын баш имам-хатибдери, Диний ислам институнун, медресе, окуу борборлордун, казыяттын аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адисинин катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйында облустагы диний уюмдарды мамлекеттик эсептик каттоодон өткөрүү боюнча  болуп, 9 ай ичинде бул багытта жетишкендиктер жана кемчилдиктер, иштеги оош-кыйыш маселелер ортого салынды. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Садырбекович ачып, сөз сүйлөө үчүн Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбековка сөз берди.

Облус казысы жалпы облустагы диний кырдаал, диний уюмдарды, мечит- медресе, окуу борборлорду каттоодон өткөрүүдө жетишкендик жана кыйынчылыктарга токтолуп, жергиликтүү бийлик аким, айыл өкмөттүн башчылары, архитектура кызматкерлерин мечиттерди каттоодон өткөрүүдө көрсөтүп жаткан жардамдарына ыраазы экендигин билдирип, мындан ары да мечит-медреселерди каттоодон өткөрүүдө жакындан жардам берүүсүн улантууну суранды. 

Облус казысы Жээнбеков Нематулла ажынын айтуусунда, облус боюнча быйыл 32 мечит мамлекеттик эсептик каттоодон өтүп, дагы 9 мечит каттоого жиберилгенин, учурда 6 мечит даяр жиберилүү алдында турганын айтып, облуста  каттоодон өтпөгөн мечиттердин баарын каттоодон өткөрүү аракети болуп жатканын баса белгиледи.  Мындан тышкары облус казысы экстремизим, терроризимдин алдын алууда элге туура маалыматты жеткирүү, салттуу ислам дининин ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасын, Президентибизидин №54 жарлыгын,  жашы жете элек кыздарды эрте никеге тургузбоо боюнча эл арасында  түшүндүрүү иштерин мындан да күчөтүү боюнча район-шаарлардын баш имам-хатибдерине тапшырма берди.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Нурбек Кайсарбаев облустагы диний кырдаал боюнча маалымат берип, жыйындын катышуучуларына ушул жыйындын аягында район-шаарлардын акимдерине, архитектура кызматкерлерине, баш имам-хатибтерге диний уюмдарды каттоодон өткөрүүгө ыкчам аракеттерди көрүү боюнча  протоколдук тапшырма берилүүсүн сунуштады. 

Айта кетсек, бул жыйын Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбековтун Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Токтогуловичке  жазган кайрылуусунун негизинде демилгеленип өткөрүлдү.