«Абдираим каары» медресесинде 70 кыз Куранды толук жаттап, хафизалык сертификатка ээ болушту

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айыл өкмөтүндө жайгашкан «Абдираим каары» медресесинде «Ак жол сага, бүтүрүүчү» кечеси болуп өттү. Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев баштаган дин аалымдары, КМДБнын АК мүчөлөрү, КР ДИМК ТАБ жетекчилиги, медресе мүдүрү Абдирахман кары Атабаев баштаган окуу жай жамааты, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр катышты.

Иш-чараны алып барган Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров буларга токтолду: «Абдираим каары» медресеси өлкөбүздө өз орду бар беделдүү диний окуу жай. Медресе ушул күнгө чейин көптөгөн дин аалымдарын жана карыларды чыгарып келет. Айрыкча кыз балдардын илим алуусуна жетиштүү шарттарды түзгөнү менен да белгилүү. Бир жылда 70 кары кыз чыгаруу жеңил иш эмес. Учурдан пайдаланып медресе мүдүрү Абдирахман кары баштаган устаздарга терең ыраазычылык билдирем».

Райондун баш имам-хатиби «Абдираим каары» медресесинин сапаттуу диний билим берүү менен бирге кесиптик билим берүүнү жолго койгонун да кошумчалады.

Эскерте кетсек, өткөн жылы аталган медреседе 52 кыз Куранды толук жаттап, аны тастыктаган сертификаттарга ээ болгон.