Бакай-Атанын баш имам-хатиби Баткен облусунун тургундарынан кабар алып, аманаттарды тапшырды

Талас облусунун Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбековдун демилгеси менен Баткен облусундагы кандуу окуялардан жабыркагандар үчүн Акназар айыл өкмөтүнөн 306 миң сом топтолду. Ошондой эле баш имам-хатиб өз туугандарынан чогулган 340 миң сомго 2 даана «тепломизор» алып, Баткен облусуна жеткирип берди.

«Биздин жоокерлерибиз мекенибизди коргоп чеп болуп турат. Аларга ар тараптуу колдоо керектигин баарыбыз сезип турабыз жана колдон келген жардамды аябашыбыз керек. Кара-Бак айылына 340 миң сомго түнкүсүн көрө турган 2 даана «тепломизор» алып бердик. Калган 306 миң сомду Ак-Сай, Миң-Булак, Кара-Бак айылдарына муктаждыгына жараша 5 миң, 10 миң сомдон акчалай жардамдарды тапшырдык. Мындан ары эл-жерибизде бир гана тынчтык болуусун тилек кылалы. Бакай-Ата районунунАкназар айыл өкмөтүнүн тургундарына жана жалпы эле салым кошкондорго терең ыраазычылыгымды билдирем», – деди баш имам-хатиб.