Мирланбек ажы Токтомушев Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Мурзакул кары Осмонов башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Мирланбек ажы Токтомушев Ош шаарынын мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев кол койду.

Бүгүн, 16-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев Ош шаарындагы борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаар мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Мирланбек ажы Токтомушевди казыят жамаатына жана шаар имамдарына тааныштырды.

Мирланбек ажы Токтомушев тууралуу кыскача маалымат:

1980-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында туулган. 2010-2017 ж.ж Ош Мамлекеттик юридикалык институтун бүтүп, укук таануу адистигине ээ болгон.

Диний билими:

1997-1999 жж.  Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” Ислам институту;

1999-2003 ж.ж. Сирия араб мамлекети “Айнь аль-Араб” Ислам институту;

2010-2014 жж. Ош “Абдужапар” ислам институту.

Жумуш тажрыйбасы:

2011-жылдан бери “Шейит-дөбө” мечитинин баш имам-хатиби;   

2014-2019 жж. Ош шаарындагы Ак-Буура батыш хатибиятынын баш имам-хатиби;

2019-жылдан бери Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

Мүнөздөмөсү:

Жамаат менен иштеше билүү;

Уюштуруучулук менен жумуштун аягына чыгара билүү;

Жаңы билим, идеяларды изденүү, ишке ашыруу;

Бардык кызмат, жумуштарга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу. 

Сыйлыктары:

КР Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы;

Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы;

Ош шаардык мусулмандар казыятынын ыраазычылык баракчасы.