Соода эрежелери

Мусулмандар динибиздин негизи Куран Карим жана Мухаммед пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салават-саламы болсун) сүннөтү экенин билишет жана ислам эрежелерин сактаганга аракет кылып, Мухаммед пайгамбардын жашоосунан үлгү алат (ага Алланын салават-саламы болсун).

Бүгүн биз Исламдагы сооданын кээ бир эрежелери тууралуу сөз кылмакчыбыз:

1. Соода маселесин үйрөнүү;

2. Арам нерселерди сатуу жана сатып алуудан сактануу (Абу Дауд);

3. Чынчылдык менен соода кылуу (Ибну Маажа);

4. Азык-түлүк арзан учурда баарын же көпчүлүгүн ээлеп алып, кымбаттаганда сатыкка чыгаруудан сактануу (Муслим);

5. Соодага эрте менен жөнөө (Абу Дауд);

6. Сооданы адамдардын жолуна тоскоол боло турган жерде кылбоо (Ал Адабу фид-диин);

7. Базарда ызы-чуу кылбоо (Тирмизи);

8. Соода менен бирге садака жана кайрымдуулуктарды кылуу (Абу Дауд);

9. Соода-сатыкта баасын жумшактык менен келишүү (Бухари);

10. Сыйлуу-урматтуу адамдарга кошомат кылбоо, алсыз кардарга ырайым кылуу (Ал Адабу фид-диин)

11. Сатууда товарды аша чаап мактабоо (Ал Адабу фид-диин);

12. Сатып алган убакытта эч бир нерсени жамандабоо (Ал-Адабу фид-диин);

13. Буюмду касам ичип сатпоо (Муслим);

14. Баа коюуда чектен ашпоо (Ал Адабу фид-диин);

15. Кемчилигин айтып сатуу (Бухари);

16. Бирөөнүн соодасын бузуп, өз соодасын кылбоо (Тирмизи);

17. Алгач баасын коюп алуу;

18. Сатып алууда мажбурлабоо (Ал Адабу фи-диин);

19. Соодада алдабоо (Муслим);

20. Сүткө суу кошуп сатпоо (Шуъабул-Иймаан);

21. Таразадан алдабоо (Мутаффифиин сүрөсү, 1-2-3-аяттар);

22. Тартканда кемитпөө (Абу Дауд);

23. Тартканда өтө шашылбоо (Ал Адабу фид-диин);

24. Күн сайын таразаны тазалап, кемчиликтерин толуктап туруу (Ал Адабу фид-диин);

25. Саткан нерсесин кайра алып келсе, ыраазы болуу (Абу Дауд);

26. Намахрам аялдар жана эркектер бири-бирин карабоо (Ал Адабу фид-диин);

Алла Таала баарыбызга сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммаддын (Ага Алланын салават-саламы болсун) сүннөттөрүн карманууну насип кылсын.

Мусулман адам өмүр бою кулк-мүнөзүн, кыймыл-аракетин, жолуккан, жашаган адамдар менен болгон мамилесин оңдоого тийиш.

Адамдын эң жакшы сапаттарын билүүнүн бир нече жолу бар. Алардын бири Мухаммад (Ага Алланын салават-саламы болсун) ыйык Куран Каримдеги жана эң таза сүннөттөгү үлгүлөрдү үйрөнүү керек. Анткени ал Алла Таала тарабынан тандалып алынган жер бетиндеги эң жакшы инсан. Ал жалпыбыз үчүн идеал жана кудайдан эң көп коркуучу.

Даярдаган: Шамиль Идиза, Чүй казыятынын пресса адиси