Жараткан Алла Таала бардык нерсени коргоочу, колдоочу, андан сураган нерселерди берүүчү болуп эсептелет. Айрыкча Алла Таалага момун мусулмандын чын дилден жалынып-жалбарып дуба кылганы аябай жагат.
Ошондон улам Ааламдардын ардагы болгон сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) бир күнү сахабаларына : “Алла Таалага дубадан улуу нерсе жок . Дуба эң абзел ибадат, “дуба – бул ибадат”, – деп айтып (Тирмизи, 3247), андан соң Алла Тааланын:
﴿ وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ﴾
“(Ээ, адамдар!) Эгеңер “Мага дуба кылгыла! Мен силерге (кылган дубаларыңарды) ижабат кылам (кабыл кылып, жооп берем). Акыйкатта мага ибадат кылууда текебер болгондор жакында кор болгон абалда тозокко кирешет”. (“Гофир” сүрөсү, 60-аят) – деген аятты окуду.
Жогорудагы пайгамбарыбыздын (с.а.в) хадисинде дуба кылуу ибадат экени белгиленип, биз, момун-мусулмандар үчүн дубанын канчалык маанилүүлүгү баяндалып жатат. Ал эми аятта болсо, дубага маани бербей, кош көңүл болуп бой көтөрүп, текеберлик кылгандардын акыбети кандай кейиштүү абалга туш болору айтылууда. Улуу факих аалым Абу Лайс ас-Самаркандий (рахималлоху анху) болсо:“Жараткан алдындагы эң сүйүктүү пенде ага дуба кылып кайрылган адам. Пенделердин арасындагы эң жакшы адам муктаждыктарын башкалардан эмес, Алла Тааладан дуба кылып сураган адам”,–деп айткан.
Аалым жогорудагы сөзү менен жашообуздагы кездешкен бардык муктаждыктарыбызды пендеден эмес, дуба аркылуу жалгыз Алла Тааладан сурообуз керектигин бышыктап жатат.
Бардык нерсенин өзүнчө шарттары бар, маселен окууга же жумушка киргениңизде атайын талап кылынуучу шарттары болот, ошол сыяктуу дубанын да кабыл болуусу үчүн да биртоп шарттар зарыл. Алардын биринчиси, дуба чын ыкластан, ишеним менен экиленбей кылынуусу кажет. Экинчиден, дуба кылган адам ар убак такыбалыкка, тазалыкка, айрыкча ырыскы табууда адалдыкка өтө маани берүүсү керек. Намаз, орозо, зекет, садака, жакшылыкка багыттап, жамандыктан кайтаруу, пайгамбарыбыздын (с.а.в) сүннөттөрүн кармоо сыяктуу эрежелерге абдан маани берүү керек.
Адатта көп адамдар дуба кылгандан кийин, дубаларынын кабыл болбой жаткандыгына кейишет да үмүттөрүн үзүшөт. Бул нерсе мусулман пенденин сыпаты эмес. Себеби Алла Таала Зумар сүрөсүнүн 53-аятында:
﴿لاَ تَقْنَطُوْا مِنْ رَحْمَةِ اللهِ﴾
“Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүлө!” – дейт. “Үмүтсүз шайтан” деп да жөн жерден айтылган эмес. Үмүтсүздүк пендеге кайгыдан башка эч нерсе алып келбейт. Пенде качан Жаратканга жалбарып дуба кылса, жан дүйнөсү азыктанып, кубат алат.
Бир күнү хадис илиминде аалым болгон улуу сахаба Абу Хурайра (р.а): “Пенде шашылбаса эле дайыма жакшылыктын үстүндө болот, – деди. Аны уккандар : “Пенде кантип шашылат? – деп сурашты. Анда ал: – Пенде мен дубакылдым. Бирок кабыл болбой жатат” деп шашылат, – деди.
Ал эми пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) болсо мындай абалдарга төмөнкү хадиси менен жооп берген.
“Пенде дуба кылса Алла Таала ага сөзсүз сураган нерсесин берет же анын ордуна чоң бир балээ, кырсыкты кайтарат, же болбосо сураганынан жакшыраак нерсени кыяматка сактап коёт”.
Жогоруда хадистен маалым болгондой, дуба кылган пенде эч убакта уттурбайт. Кылынган дубанын пайдасы сөзсүз тиет. Андыктан келгиле замандаштар, дуба кылганда чын ыкластан, ишенип дуба кылып, дубакөй пенделерден бололу.
Даярдаган: Ильяс уулу Ибрагим, Ош облустук мусулмандар казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси