Мирланбек ажы Токтомушев: «Сиздер эл-журт үйүндө тынч уктап жатканда, уйкудан калып коомдук коопсуздукту камсыздайсыздар»

Бүгүн, 17-октябрь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушев шаардагы №703 аскер бөлүгүнө кызматка жаңы келген жоокерлер менен жолугуп, бир канча темаларда баяндама жасады.

«Пайгамбарыбыз (с.а.в.): Тозок отун көрбөөчү эки көз бар: Алладан коркуп ыйлаган көз жана майданда, чекте нөөмөтчүлүк кылган аскердин көзү», – деп айткан. Бул хадисте сиздердин кызматыңыздар кандай гана сыймыктуу, сооптуу иш экендиги айтылган. Эгерде өлкөдө тынчтык болбосо, турак-жай, машина, акчанын эч кандай пайдасы тийбей калат. Жада калса, ибадат кылууга, жакшылык иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк таппай калабыз. Сиздерге ишенген эл-журт үйүндө тынч уктап жатканда, уйкудан калып, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн эмгектенүүгө аттанып жатасыздар. Баарыңыздардан Алла Таалам ыраазы болсун», – деди Мирланбек ажы Токтомушев.