Сары-Булак айылында имамдын демилгеси менен алдыңкы окуучуларга стипендиялар бериле баштады

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында мектептеги «эң жакшы» бааларга окуган окуучуларга ай сайын стипендиялар уюштурула баштады. Сабакты жакшы окугандарга стимул берүү үчүн стипендия берүүнү айыл имамы Мырза Төлөгөнов демилгелеген.

«Айылыбыздагы балдар-кыздарыбыздын окууга, илим-билимге кызыгуусун арттыруу максатында ушул ишти уюштурдук. Келечегибиз болгон балдардын ыймандуу, билимдүү, адептүү болушу үчүн ар тараптан кам көрүп, көмөк көрсөтүп турушубуз керек. «Сары Булак» орто мектебинде жакшы окуган 10 окуучуга 500 сомдон стипендия чыгарып бердик. Кудай буюрса, ай сайын берип турабыз. Андан тышкары предметтик олимпиада сыяктуу сынактарда ийгилик жараткандарга дагы стипендия берели деп жатабыз», – деп билдирди айыл имамы.

Мырза Төлөгөнов демөөрчүлөр Сары-Булак айылынын тургундары экенин жана алар өз ысымдарын атабоону суранышканын кошумчалады.   

Ал эми «Сары Булак» орто мектебинин директору Аниса Молдокулова Кеңешбековна айыл имамы Төлөгөнов Мырзага жана демөөрчүлөргө мектеп администрациясынын атынан ыраазычылык билдирди.