«Алексеевка» мектебинин окуучуларына ыйман жана адеп-ахлак баалуулугу боюнча баалуу маалыматтар берилди

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылындагы «Алексеевка» орто мектебинин 7-класстан 11-класска чейинки окуучуларына «Ыйман, адеп-ахлак баалуулугу жана зордук-зомбулуктун зыяны» темасында маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан Омуралиев, Жайыл РИИБнин аймактык тескөөчүсү Канатбек Мадылов, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты.

Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан Омуралиев өз сөзүндө окуучуларды Мекенди сүйүүгө, ата-эне жана мугалимдерди сыйлоого, зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрүнөн алыс болууга жана убакытты текке кетирбей, жакшы окууга чакырды. Ошондой эле ушундай жолугушууну уюштурган аймактык тескөөчү Канат Мадыловго жана мектеп администрациясына ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын соңунда балдардын жаркын келечеги үчүн ушундай форматтагы жолугушууларды көбүрөөк өткөрүү макулдашылды.