Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу «Рахматулла Аала» мечитинин курулуш иштеринен кабар алды

Кечээ, 17-октябрь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушев Туран кичи районунда жайгашкан «Рахматулла Аала» мечитинин курулуш иштери менен жеринен кабар алды.

Ошондой эле мечиттин курулушу аяктаганга чейин убактылуу даярдалган чакан намаз окуучу бөлмөдө жергиликтүү жамаатка баяндама жасады.

«Өзүн гана эмес, өзгөлөрдү ойлоп жашаган адам, коомго пайдалуу иштерди жасайт. Анын бул жакшылыктары үчүн өзү өтсө да, үзгүлтүксүз сообу жетип турат. Бул мечит келечекте эл-журтка руханий азык алуусуна чоң салымын кошуп, сообу курулуш иштеринде аз болсо да салым кошкондорго жазылып турат», – деди Мирланбек ажы Токтомушев.