Ош облусунун аймагында мечиттерди каттоону тездетүү иштери уланууда

Бүгүн, 18-октябрь күнү Ош облусуна караштуу райондордогу каттоодон өтө элек мечиттердин каттоосун тездетүү максатында аймактарды кыдыруу башталды. Иш сапар Араван районунан башталып, ага казынын орун басары Алибек ажы Жусупов, үгүт-насаат жана мечиттер адиси Абдумалик ажы Турсунбеков, ошондой эле ажылык боюнча жоопту адис Сулайман ажы Шерматов барды.

Араван районунун баш имам-хаиби Максат кары Сыдыков каттоодон өтпөгөн мечиттердин документтери менен тааныштырып, ажылыкка барбай калган жарандардын каражаты боюнча маалымат берди.

Эскерте кетсек, каттоо иштерин жана ажылыка барбай калган жарандардын акчаларын кайтарып берүүнү тездетүү иштери облус казысынын буйругунун негизинде жүрүп жатат.