Мирланбек ажы Токтомушов: «Билгендер менен билбегендер бир боло албайт»

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан «Умму Мухаммад» медресесинин студенттери менен жолугуп, илим алууга кызыктыруучу насааттарын айтты.

«Адамдардын арасынан тандалып, эң мыктылары ушул жерде олтурасыңар. Анткени Алла Таала өзүнүн сүйгөн пендесине дин илиминен терең түшүнүк берет. Билгендер менен билбегендер бир боло албайт. Алла Таала илимдүүлөрдүн даражасын бийик кылган. Илим алуу ийне менен кудук казгандай кыйын болуп жатса да, бешиктен кабырга чейин илим алууга аракеттенүү керек. Учурда өлкөбүздө дин эркиндигин туура пайдалануу менен медреселерде окуу үчүн болгон бардык шарттар түзүлгөн», – деди Мирланбек ажы Токтомушов.