Жалал-Абад шаарындагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, бир катар тапшырмалар берилди

Жалал-Абад шаарындагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, бир катар тапшырмалар берилди

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына караштуу “Насиридин Ата” жума мечитинде калаадагы имамдарга жыйын өттү. Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад шаарына жаңы дайындалган  баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов жана калаадагы дин кызматкерлери катышты. Иш-чарада негизинен каттоодон өтө элек мечиттер, мечиттердин тазалыгы, эл аралык, улуттар аралык жана жамааттардын ортосундагы мамиле, ошондой эле азанды өз убактысында айтуу маселелери каралды.

Мындан сырткары мечиттердин тазалыгына аяр мамиле кылуу менен бирге, мечиттердеги өтүлүп жаткан сабактарга маани берип, эмне жөнүндө сабактар өтүлүп жатканын тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Облус казысы азан боюнча маселеге да токтолуп, ал өз убагында айтылбаса намаз окуучуларга ыңгайсыздык жаралары айтылды. Нематулла ажы Жээнбеков ар бир имамга жана сопуларга азанды өз убагында айтууну талап кылды.