Баткенде хатибият жана медресе эсепчилерине окуу семинары уюштурулду

Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан хатибияттарда жана медреселердефинансылык отчёттуулукту күчөтүү жана эсепчилердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу семинары уюштурулду.

Окуу семинарынын  ачылышына облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышты. Өз сөзүндө облус казысы финансы тармагында тактык жана ачык айкындуулук болушу керектигин айтып, бул тармакта өзүнүн эрежеси менен иш алып баруу жакшы натыйжа бере тургандыгын билдирди.

«Бухгалтериялык отчётту так карашыбыз керек. Бүгүнкү күндөгү сын-пикирлер акча каражаттары боюнча айтылууда. Ар бир сумманы так карап, күн сайын отчётун чыгарып туруубуз зарыл», – деди Нуридин ажы Мамасабиров.

Ал эми сабактарды  казыяттын эсепчиси Мурзабек Бердикулов өттүп, хатибият жана медресе эсепчиси үчүн зарыл болгон иш кагаздарын жүргүзүнүн жолдорун практика жүзүндө көрсөтүп берди.

Белгилей кетсек, облустук казыяттар бир топ жылдан бери бухгалтерияны 1С программасы менен жүргүзүп келет.