99 формуланын сыры

Бир күнү падыша вазиринен сурады:
— Менин кызматчымдын дайыма маанайы жарык, мага караганда бактылуу жашоо кечирет, анын колунда эч нерсе жок, а мен болсо падышамын, бирок жан дүйнөм жабыркап, көңүлүм тынчыбайт. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуң?
— “99 формуласы” менен аны сынап көрбөйсүзбү? – деди вазири, сырдуу жылмайып.
— “99 формуласы” дегениң эмне, табышмактатпай так айтпайсыңбы? – деп падыша, бир аз ачууланды.
— Ал жөнөкөй эле, — деди вазир, жанагы кейпинен жазбай, — бир баштыкка 99 динарды салып, аны кызматчынын эшик алдына таштатып коюңуз. Болгону, баштыктын сыртына “бул баштыкта 100 динар бар” деп жаздырууну унутпаңыз.
Падыша вазирдин айтканына түшүнбөсө да, анын айтканын жасап, баштыкка 99 динарды салдырып, сыртына “бул баштыкта 100 динар бар” деп жаздырат да, аны кызматчысынын эшик алдына калтырып коёт.
Кызматчы эшик алдында жаткан баштыкты таап алат, адегенде анын сыртындагы жазууну окуйт, анан ичиндегисин санап чыгат. Санаса анда 99 эле динар бар экен. Ошол замат сыртка чыгып айлана тегеректи издей баштайт. Ары басат, бери басат бир динарды таба албайт. Үйүндөгүнүн баары чыгып издейт, короодо каралбаган жер калбайт, көчөнү да тинтишет. Ошентип, ойдо жоктон табылган 99 динарды баары унутуп, а негизи жок болгон бир динарды таң атканча издеп таба алышпайт. Атасы ачууланып, ушул бир динарды да таба албайсыңар деп баарын жемелеп, жекирет.
Эртеси, түнү менен уйку көрбөй, анысы аз келгенсип атасынан тил угуп, чарчап, өңү башы бозоргон кызматчы падышанын кызматына келет. Буга чейин анын мындай абалын көрбөгөн падыша, ошондо гана вазиринин “99 формуласынын” сырына түшүнөт.
Окуядан алынчу сабак:
Биз дагы жашоодо Аллах Таала бизге ыроологон 99 нээмат-жакшылыкты көзгө илбей, өзүбүздө болбогон бир нээматты издеп, ошону менен өмүрүбүздү өткөрөбүз. Аллах биздин бешенебизге жазбаган нерсени издейбиз. Аны Аллах даанышмандыгы менен билип, бизге берген эмес. А биз болсо, дал ошону издеп, жан дүйнөбүздү жабыркатып, маанайыбызды чөктүрүп, көңүлүбүздү оорутабыз.
Айтарым: Аллах бизге ыроологон 99 нээмат-жакшылыкты пайдаланалы, өзүбүздө жокту өзгөдөн издебейли!
Бизге эсепсиз нээмат тартуулаган Аллахка мактоо айтып, шүгүр кылалы!