ТАРАЗАДА ТУУРА ӨЛЧӨӨ

Бисмиллахир-рохманир-рохиим

Ислам дини адамдардын ортосундагы мамилелерде адилеттүү болууну талап кылат жана ага үндөйт. Ошол инсандык мамилелердин катарында соода-сатык маселеси да өзүнчө мааниге ээ. Алла Таала соода-сатыкта сатуучуга да, сатып алуучуга да өз акыларын толук берүүгө буйруйт. Бул турасында Исра сүрөсүнүн 35-аятында:

وَأَوْفُوا الْكَيْلَ إِذَا كِلْتُمْ وَزِنُوا بِالْقِسْطَاسِ الْمُسْتَقِيمِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا

“Өлчөгөндө толук өлчөө менен бергиле жана туура тараза менен өлчөгүлө! Бул мыкты, ары жакшы чечим (жыйынтык)– дейт.

Береке да, зыян да соодада. Ошол соода-сатык ичинде кетирилген каталардын бири бул – таразадан алдоо. Сатуучу аз гана пайда табам деп тоодой соопторун абага учуруп жибериши мүмкүн. Бул туурасында Куранда төмөнкүчө баяндалат.

وَيْلٌ لِّلْمُطَفِّفِينَ * الَّذِينَ إِذَا اكْتَالُواْ عَلَى النَّاسِ يَسْتَوْفُونَ * وَإِذَا كَالُوهُمْ أَو وَّزَنُوهُمْ يُخْسِرُونَ

(سورة المطففين،1-3)

“Таразадан (алдап, уурдап) кымтып калуучуларга каргыш болсун! Алар адамдардан (бир-ар нерсени) өлчөп (сатып) алышканда толук кылып алышат, а эгер аларга (сатып алуучуларга) өлчөп же тартып берген учурда (уурдап калып) кем беришет”. (Мутафифин сүрөсү 1-2-3-аят).

Тагыраак айтканда, алар ушундай адамдар, өздөрү бирөөлөрдөн бир нерсе сатып алчу болсо, так жана даана кылып акыларын талап кылып, керек болсо ашыгы менен алышат. Башкаларга саткан учурда алган салмагынан кемитип сатат.

Ибн Аббас (р.а) айтат: Пайгамбар (с.а.в) (Меккеден мухажир болуп) Мадина шаарына келегенде Мадина эли өлчөөдө эң жаман калк эле (таразада адилеттүү эмес эле), андан кийин Алла Таала, “Таразадан уурдап калуучуларга каргыш болсун!” деген аятты түшүргөндөн кийин алар (адилеттүү өлчөөдө) эң мыкты болушту” (Ибн Маажа 2223).

Таразадан алдоонун кесепеттеринин бири бул – кургакчылык. Тактап айтканда кызыл кулактык кургакчылыкты алып келет. Бул турасында Алланын элчиси (с.а.в) мындай деп айтат: “Беш нерсе беш нерсеге байланыштуу. Кайсы коом убадасын бузса, аларга өздөрүнүн душмандарын өкүмдар кылып коёт. Алла Тааланын түшүргөн (өкүмүнөн) башка нерсе менен өкүм кылса, аларга кедейлик кенен жайылат. Бузуку иштер көбөйүп кетсе, анда аларда өлүм көбөйөт. Таразадан алдашса, анда өсүмдүктөр өспөй, бир канча жылга чейин кургакчылык болот. Эгер зекет беришпесе, жамгыр жаабай коёт” (Табараний 10830). 

أَلَا يَظُنُّ أُولَئِكَ أَنَّهُمْ مَبْعُوثُونَ * لِيَوْمٍ عَظِيمٍ * يَوْمَ يَقُومُ النَّاسُ لِرَبِّ الْعَالَمِينَ

“Алар өздөрүн улуу бир күндө жалпы адамзат, ааламдардын Раббисинин астында тик туруп (эсеп-кысап болуучу, өкүм кылынуучу кыямат) күнүндө кайра тирилүүчү экендигин ойлошпойбу?!”. (Мутафифин сүрөсү, 4-5-6-аят). Эгер ал күндү ойлошкондо таразадан уурдап калышмак эмес.

Бирөөнүн акысын кымтып калуу урулук, кыянат жана арам жегендин бир түрү болуп эсептелип, бул ишти кылгандарга “вайл” болсун деп аятта айтылган. “Вайл” бул – жан чыдагыс азап, башка бир риваяттарда тозоктогу бир өрөөн. Эгер Вайл тозогуна бул дүйнөнүн тоолору ташталса, анын ысыгына туруштук бере албай, таштары эрип кетмек.

Нафиъ (р.а) айтат: Ибн Умар (р.а) бир сатуучу соодагердин астынан өтүп баратып “Алладан корк! Өлчөөдө жана таразада туура кыл (адилеттүү бол). Анткени таразадан уурдап калуучулар (эсеп-кысапка чейин махшар майданында) терлери тээ кулактарына жеткенге чейин эсеби токтотулуп турат”, – деди.

Уламалардан бири айткан экен: “Таразадан алдап алган бир даана даны себептен, кеңдиги асман менен жерче болгон бейишин сатып жиберген адамга вайл (каргыш, тозок) болсун!”.

Жараткан Алла Тааладан бардык билип-билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечиришин сурайбыз. Албетте, Ал кечиримдүү, ырайымдуу Зат.

Даярдаган: Ильяс уулу Ибрагим, Ош облустук казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси