Муфтият жамааты жаңы имараттын курулушунан кабар алды (фото)

Бүгүн, 19-октябрь күнү Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган Муфтият жамааты КМДБнын жаңы имаратынын курулуш иштеринен кабар алды. Азирети Муфтий курулушка демөөрчүлүк кылгандарга, курулушта иштеп жаткандарга ак бата берип, жаңы кеңсенин эл-журтка, мамлекетке, эң негизгиси ислам динине пайдалуу болушун тилеп дуба кылды.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июль айында башталган жаңы кеңсенин курулуш иштери азыркы тапта кызуу жүрүп жатат.