Муфтият кызматкерлери Каирде өтүп жаткан «Фатва жана туруктуу өнүгүүнүн максаттары» аттуу VII Эл аралык конференцияга катышууда

Египет мамлекетинин Каир шаарында «Фатва жана туруктуу өнүгүүнүн максаттары» аттуу VII Эл аралык конференциясы өтүүдө. Конференцияда негизинен фатванын социалдык, маданий жана экологиялык өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу талкууланды. Муну менен катар, туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдыруу үчүн диний лидерлердин квалификациясы, өнүгүү максаттарына жетүү үчүн шарият илимдеринин коомдук жана табигый илимдер менен интеграциясы талкууланды.

«Негизги үч багытта болду. Биринчи багыт туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүдөгү фатванын ролу болсо, экинчи багыт өнүгүүдөгү тоскоолдуктарга каршы турууда фатванын ролу жөнүндө болду. Ал эми үчүнчү багыт катары фатва жана улуттук экономиканы колдоо каралды. Бардык маселе шарият, социолдык жана табият илимдеринин интеграциясы, туруктуу өнүгүүнү алдыга жылдыруу үчүн жасалма интеллекти жана санариптиктик өнүгүүнү колдонуу, климаттын өзгөрүү коркунучун алдын алууда диний лидерлердин ролу болуп үч секцияда олуттуу маселелер каралды», – деди Жоробай ажы Шергазиев.
91 өлкө катышкан VII эл аралык конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев жана аалымдар, муфтийлер, диний мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Конференция бардык фатва мекемелерин билим берүү, социология, экономика, экология, космос жана медиа сыяктуу ар кандай өнүгүү чөйрөлөрүндөгү аалымдар жана эксперттер менен байланышып, фатва адабиятын иштеп чыгуу үчүн санариптик трансформациянын маалыматтарына таянууга жана андан эффективдүү пайда алууга чакырат.