Ислам дини зордук – зомбулукка каршы

Адилеттүү, Мээримдүү Аллах Таалага мактоолорду айтып, бардык ааламга рахмат катары жөнөтүлгөн Пайгамбарыбыз Мухаммадка (с.а.в) салам – салаваттарды айткандан кийин, сен билгин:

Ислам дини кан төгүү, бирөөнүн өмүрүнө зулумдук көрсөтүүгө катуу тыйуу салат. Ал адам ак түстөгүбү, же карабы, картайып калган аксакалбы, же жаш жигитби, эркекби, же аялбы эч кандай айырмасы жок. Болгону такыбалык, динге бекем болуу жагынан гана даражаларында айырмалар болбосо, инсан катары элдердин бардыгы Аллах Тааланын алдында бирдей. Бул өкүмдөрдүн бардыгы 15 кылым мурда эле Пайгамбарыбыз (с.а.в) га Аллах Таала тараптан вахи кылынган.

ان الله يأمر بالعدل و الاحسان و ايتائ ذى القربى ينهى عن الفحشاء و المنكر و البغى يعظكم لعلكم تذكرون (صورة النخل 90)

«Чындыгында, Аллах Таала – адилеттүүлүктү, жакшылык кылууну жана тууган – урукка кайрымдуу болууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан (күнөөлөрдөн) жана чектен ашуудан (элдерге зулум кылуудан) тыят. Аллах Таала силерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөөрсүңөр» (Нахл 90)

Ислам дини башка диндегилер менен дагы жакшы мамиледе болууга буюрат. Мусулман пендеге христиандарга, алар христиан болгондугу үчүн гана кол көтөрүүгө тыюу салынат. Ар кандай талаш – тартыштар пайда болгон болсо, алардын бардыгы даанышмандык менен, мусулмандык сыпаттан чыкпастан, жумшактык жол менен бүтүрүш керек.

و لا تجادلوا اهل الكتاب الا بالتي هي احسن (صورة العنكبوت 46)

«Китеп ээлери менен жакшы абалда гана талашып – тартышкыла…». (Анкабут 46)

Башкача айтканда Аллах Тааладан тилеп, аяттарды, далилдерди келтирип, жылуу – жумшак сөздөр менен, аларды жакшылык кылып Аллах Тааланын динине чакыргыла.

قل يا اهل الكتاب تعالوا الى كلمة سواء بيننا و بينكم الا نعبد الا الله و لا نشرك به شيأ و لا يتخذ بعضنا بعضا اربابا من دون الله فان تولوا فقولوا اشهدوا بانا مسلمون (صورة ال عمران)

«Оо, китеп ээлери! Ортобузду (түзөп), өз ара бир келишимге келели: «Жалгыз Аллахка кулчулук кылалы, Ага эч нерсени шерик кылбайлы. Ошондой эле, Аллахтан башканы – бири бирибизди кудайча кылып албайлы», — деп айткын. Эгер алар каршы болсо, анда (жөн гана): «Биздин мусулмандыгыбызга күбө болгула!» — дегиле». (Аалу Имрон 64)

Ислам дини таза дин, ынтымактуулукка, жакшылык кылууга, биримдүүлүккө гана үндөгөн дин.

Ислам динин жамынып алышып, элдерге, мусулмандарга, алсыздарга, жаш балдарга зордук, зомбулук көрсөтүп жаткандар башка диндегилерге эмес, эң биринчи мусулмандарга зыян жеткизүүдө. Аллах Таала ынтымактуулукка, мээримдүүлүккө чакырып жаткан болсо, ал жалганчылар тескерисинче согушка, зулумдукка, кан төгүүгө чакырып жатышат. Эмне үчүн, себеби, алар шайтандын жолунда. Чындыгында шайтан гана зордук, зомбулукту, зулумдукту, согушту эңсейт.

Ислам динин жамынып алып зордук – зомбулук кылгандардын Ислам динине эч кандай тиешелери жок. Чыныгы мусулман пенде Аллах Таала белгилеп койгон, шариат көрсөткөн сызыктан ашпай жашайт.

و لا تعتدوا ان الله لا يحب المعتدين (صورة البقرة 190)

«Чектен чыкпагыла. Чындыгында, Аллах Таала чектен чыккандарды жакшы көрбөйт» (Бакара 190)

Чыныгы момун мусулман чектен ашмак беле? Чыныгы момун мусулман алсыздарга, жаш балдарга зулумдук кылмак беле? Кыямат күнү Аллахка жолугууну эңсеген пенде башкаларга зордук – зомбулук кылып, зыян жеткизмек беле? Жок, эч качан мындай эмес. Хадис Кудсиде Аллах Таала кабар берет: «Оо, Менин пенделерим! Мен зулум кылууну Өзүмө арам кылдым жана силерге да зулум кылууну арам деп чечтим. Демек бири – бириңерге эч качан зулум кылбагыла» (Муслим)

Зулумдук кылууга, адилетсиздик кылууга, кан төгүүгө Аллах Таала чектеп койгон чектен ашкандар гана барат. Ойлонгула! Аллах Тааланын түзүп койгон шариатынан чыгып, шайтандын жолун жолдогондор кимдин тарабында болушат?

Ислам дини жок болууга, кыйроого алып бара турган нерселерди аткарууга тыйуу салат. Атайлап жаңжал пайда кылуу, элдерди кемсинтүү, айлана – чөйрөнү булгоо, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү жок кылуу динибизде тыйуу салынган иштер.

و اذا تولى سعى في الارض ليفسد فيها و يهلك الحرث و النسل والله لا يحب الفساد (صورة البقرة 205)

«Ал узаган соң, жер бетинде бузукулук кылуу үчүн эгиндерди, төлдөрдү (адамдарды жана айбанаттарды) кыйратууга арекет кылат. Аллах Таала бузукулукту жакшы көрбөйт» (Бакара 205)

Шайтандын жолун ээрчигендер, динди жамынып алып ар кандай туура эмес иштерди аткарып жаткандар, туура кылып жатабыз деп ойлошот. Алар өздөрүнүн күнөөлөрүн эч качан моюндарына алышпайт. Канчалаган жерлерде, мамлекеттерде күнөөсүз эле элдер курман болуп жатышат. Ушундай туура эмес, зордук – зомбулукту аткарып жатышкандар күнөөлөрүн билишпей, өздөрүнүн туура экендиктерин далилдешет.

و اذا قيل لهم لا تفسدوا فى الارض قالوا انما نحن مصلحون (صورة البقرة 11)

«Аларга: «Жер бетинде жамандык – бузукулукту жыйылтпагыла» — деп айтылса, алар: «Биз болгону жакшылык гана кылып жатабыз» — дешет». (Бакара 11)

Ислам дининде «Бардык зыян берүүчү, коркунучтуу нерселерден оолак болуу» деген чоң эреже бар. Биз наркотик, алкогол деген арам, зыян берүүчү нерселерден алыспыз, тамеки тартпайбыз. Себеби, ден – соолук бул Аллах Тааланын бизге берген чоң белеги, жакшылыгы. Ден – соолугубузду сакташыбыз керек. Өзүңө зыян болгон нерселерди пайдалануу жана башка айланадагы элдерге да зыян жеткизүүгө тыйуу салынат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Мусулман өзгөлөргө зыян берүүдөн жана бирөө ага зыян жеткизип койсо, ага ошондой кылып жооп берүүдөн сак болуш керек». (Ибн Маажа)

Ислам дини бардык нерсенин өмүрүн өтө бийик койот. Ошол себептүү, бир гана адамдарды эле эмес, башка курт – кумурска, канатту жана айбанаттарды да себепсиз өлтүрүүгө тыйуу салат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) төрт нерсени өлтүрүүдөн кайтарган: кумурскаларды, аарыларды, сасык үпөп жана сагызгандарды. (Абу Дауд)

Өзүнө өзү зулум кылып, жашоосун кыйгандар тууралу Аллах Таала Куран Каримде мындай деген:

و لا تقتلوا انفسكم ان الله كان بكم رحيما و من يفعل ذلك عدوانا و ظلما فسوف نصليه نارا و كان ذلك على الله يسيرا (صورة النساء 29-30)

«Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Аллах силерге Мээримдүү. Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна киргизебиз. Мындай кылуу – Аллах үчүн жеңил!» (Ниса 29,30)

Демек Ислам дини бир гана өзүнө эле эмес. Балким, бардык жан – жакдыктарга, мусулмандарга, башка диндегилерге, курт – кумурска, айбанаттарга, өсүмдүктөргө да зордук – зомбулук көрсөтүүдөн тыят. Аллах Таала өтө Мээримдүү, Ырайымдуу Зат. Аллах Тааланын дини да өзүнүн атына жараша тынчтыктын, мээримдүүлүктүн дини. Дин үчүн жиберген элчиси Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) да өтө мээримдүү, ырайымдуу адам болгон экендиги эч кимге жашыруун эмес.

Келгиле бардыгыбыз зордук – зомбулук, зулумдук, адилетсиздик деген жаман шайтандын сыпаттарынан оолак болуп, бири – бирибизди ынтымакка, сабырдуулукка чакыралы!

Даярдаган: Чүй облусунун мусулмандар казыяты