«Мухаммед» тарыхтагы алтын тамга

Өмүрлөрдүн ачып бердиң маңызын,

Акыйкаттын алтын нурлуу таңысың.

Миң илимпоз, гений болуп кетсек да,

Сен айткандан таба албайбыз жаңысын.

 

Оо, Мухаммед, Аллахымдын пендеси,

Сени сүйөт асман жылдыз, жер бети.

Айдан дагы жарыгыраак көрүнгөн,

Эң сымбаттуу, эң супсулуу келбети.

 

«Мухаммед» деп каректерден жаш чыкты,

Унутулган улуу сөздү айткызды.

Жол көрсөткөн асыл Пайгамбарымдын,

Жаңылбастан изин туура бастыкпы?

 

«Үммөтүм» деп сен болчусуң ыйлаган,

Арнадың го мээнетиңди жылдаган.

Тоо көтөргүс ченелбеген эмгегиң,

Баяндоого сөз таба албай кыйналам.

 

«Мухаммед» тарыхтагы алтын тамга,

Асыл өрнөк өмүрүң ар бир жанга.

Кечирдиң душманыңды түшүнбөгөн,

Бойосо да жан кейитип кызыл канга.

 

Бул дүйнөдө жети күндүк конокмун,

Салаватсыз эчен күнүм короттум.

Жоготсом да байлык, бийлик баарысын,

Бир күнгө да келбейт сени жоготкум.

 

Жерге кирсин, күндөр сени сүйбөгөн,

Илим нуру сени менен гүлдөгөн.

Хадисиңди түшүнүүгө тереңдеп,

Мен ашыгып араб тилин үйрөнөм.

 

Автор: Нурбек уулу Узакбек

Нарын медресесинин 2-курсунун студенти.