АЛЛАНЫН СЫПАТТАРЫ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен баштаймын

Аллага ыйман келтирүүнүн алгачкы шарты Анын барлыгын жана бирлигин кабыл алуу/ тастыктоо болуп саналат. Бул жашоодо ар бир адамга Алланын бар жана бир экенин аңдай ала турган мүмкүнчүлүк берилет. Бардык адам баласы кандай өлкөдө, кандай коомдо, кандай доордо жашаганына карабай, Аны аң-сезимдүү түрдө кабылдай алат жана ушуга милдеткер (мукаллаф). Бирок момун өзү ишенген, бар жана бир экенин тастыктаган Алла Тааланы дагы да жакындан таанууга аракет кылат.  Алланы таануу анын ысым жана сыпаттарын билүү менен гана мүмкүн. Эч ким Алла Тааланын затын биле албайт. Ал тургай элестете да, салыштыра да  албайт. Себеби, бул маселеде адамдын сезүү органдары да, акылы да чектүүлүк кылат. Алланын заты жана сыпаттарынын акыйкаты акылдын чек арасынын ары жагында.

Илахий диндердин соңкусу болуп саналган ислам динибиз Алланын барлыгына жана бирлигине, ошону менен бирге эле теңдеши, окшошу, ортогу жок экенине басым жасаган. Аны жана Анын сыпаттарын таануу боюнча ислам тарыхында түрдүү багыттар, көз караштар жана мазхабдар пайда болгон. Бул маселеде кээ бирлери акылга ашкере басым жасаса, айрымдары акылдан таптакыр баш тартышкан.

Тарыхка кылчая турган болсок, исламияттын алгачкы жылдарында бул боюнча эч кандай маселе чыккан эмес. Салаф-и саалихин ийненин көзүнчөлүк да шек-күмөнсүз ыйман келтиргенин көрөбүз. Бирок убакыттын өтүшү менен күмөнчүлөр пайда болду. Алар акыйда маселелеринде шек санап, түрдүү талаш-тартышка киришти. Анын жыйынтыгында ар кандай диний жана саясий фиркалар пайда болду. Мындай жагдайды ислам душмандары эң бир кылдаттык менен пайдаланып, исламияттын ичине өтө таң калычтуу итикаддарды киргизүүгө жетишти. Алсак, чектен чыккан кээ бир шиялар ташбих (окшоштуруу) жана тажсим идеяларын жайылтышты. Ал эми кээ бир муътазилиттер Алланын сыпаттарын таптакыр жокко чыгарышты. Ахл-и сүннөт болсо сыпаттарды далилдөөнү туура көрүшкөн. Ошондой эле, кээ бир ислам тайпалары да чектен чыгып, ташбих жана тажсимге жакындашкан.

Айрым суфийлер болсо акылдын аажиздигин (алсыздыгын) кабылдап, Аллага завк, мушаахада жана кашиф менен гана жетүүгө болоруна ынанышкан. Себеби Алла – акыл тарабынан камтылуунун жана сезим-туюмдун толук кандуу тааный алышынын ары жагында.

Алланын сыпаттарына байланыштуу пайда болгон көз караштар жана багыттар

Зат жана сыпат көйгөйү пайгамбарыбыз (с.а.в.) жана салаф-и саалихиндин тушунда таптакыр жок эле. Куран түрдүү аяттар менен түштү. Сахабалардын кээ бирлери затында, фиилинде (жаратуусунда) теңдеши жок жалгыз Аллага ыйман келтирсе, айрымдары аны хаят (тирүүлүк), кудирет, илим, ираада, көрүү, угуу сыяктуу сыпаттар менен сыпатташкан. Сахабалар зат жана сыпат маселелеринде эч бир шек кылган эмес. Бул боюнча суроо да узатпаган. Булактарда пайгамбарыбыз (с.а.в.) жана сахабалардын зат-сыпат маселелеринде талаш-тартышка түшкөнү боюнча таптакыр рабаят жок. Бул маселеге байланыштуу пайгамбарыбызга (с.а.в.) суроо салышпаганы, абалкы учурда итикадий көйгөйдүн болбогонунун далили.

Демек, исламдын алгачкы доорунда зат-сыпат маселеси көтөрүлгөн эмес. Бул маселе кийинки доорлордо козголо баштаган. Эң биринчи кезекте Абдулла бин Саба (исламды кабыл кылганы айтылган жөөт) жана анын тарапташтары Сабаиййа деген ат менен чыгып, ташбих жана тажсимди кабыл алышкан. Муну кээ бир шия багыттары кабыл алган. Ошентип мушаббихит жана мужассимиттер пайда болгон. Алар Алланын затына жисим (объект, тулку-бой) ыйгарышты. Албетте, бул көз караш башка жактан, б.а. исламдын сыртынан келген. Ташбих жана тажсимди алгачкылардан болуп кээ бир шия тайпалары жана Рафизиттер колдогон. Чектен чыккан шия багыты «Азирети Али өлгөн жок» деп, ага кудайга тиешелүү сапаттарды ыйгарууга батынышкан. Дагы бир шия агымдары имамдарына кудайлык касиеттерди ыйгарышкан. Сабаиййалар Азирети Алини булутта деп ишенип, күндүн күркүрөшүн анын доошу, чагылганды анын камчысы деп кабылдашкан.

Ташбих жана тажсимди Баяниййа, Мугириййа жана Хишам бин Хакамдын фыркалары да жакташкан. Булар кудайды адам түспөлүндө деп билишкен. Бирок эт жана кандан эмес, шоола чачкан аппак нур деп кабылдашкан. Адам сыяктуу беш туюму, колу-буту, оозу-мурду ж.б. бар деп ишенишкен. Ушулар сыяктуу адашкан жамааттар өздөрүн канчалык мусулман деп эсептешсе да, динибиздин эң негизги акыйда принциптерине карама-каршы келгендиктен, исламдан оолак деп кабылданат.

Адашууга кириптер болгондор ушулар гана эмес. Каррамиййанин көз карашында кудай таала жавхар (материя) деп кабылданып, Арштын үстүндө отурат деп ишенишкен. Ал тургай кудай өзгөрүп турат дешкен. Мусулмандар буларга ачык каршы чыгып, алардын сандырак пикирлерин өжөрлүк менен четке кагышкан. Мындай жаңылыш пикирлер, албетте Куранды жана сүннөттү туура түшүнбөгөндөн келип чыккан. Алардын кооптуу көз караштары мааниси ачык аят-ы карималарга (لَيْسَ كَمِثْلِه شَيْءٌ) каршы келерин билүү албетте, кыйын эмес.

Жахмия тайпасы мушаббихит жана мужассимиттерге 180° каршы чыккан агым болуп саналат. Алар Алланы илимдүү, кудиреттүү деп сыпаттоо туура эмес дешкен. Себеби, мындай сыпаттар адамга да колдонулганы себептүү, окшоштуруу (ташбих) жаралып калат деп чочулашкан. Кийинчерээк пайда болгон жана антикалык философиядан катуу таасирленген муътазилиттер акылга ашкере басым жасаган. Булар Алланын сыпаттарын заты менен бир карашкан. Анын себеби, кудай таала бардык жагынан жалгыз болууга тийиш эле. Сыпаттар шерик (ширк) болбошу керек эле. Алар сыпаттарды биротоло четке какпастан, Алланын заты менен бир кароого далаалат кылышкан (т.а. затын сыпат, а сыпатын зат дешкен).

Муътазиланын зат менен сыпатты бир кароо доктринасын шиялар жактырышкан. Алардын Исмаилиййа фыркасы сыпаттарды четке кагуу маселесинде чектен чыккан. Алардын пикиринде «Алла бар же жок», «Алла кудиреттүү, алсыз эмес» деген сыяктуу сыпаттарды айтуу туура эмес. Шахристани исмаилиттер тууралуу «алар чынында эле сыпаттарды четке каккан жана Алланын затын бардык сыпаттардан сыйрып салышкан» деп сындаган.

Ушуга чейин адашуудагы багыттар, көз караштар жана агымдар туураалуу сөз болду. Алланын заты жана сыпаттары маселесинде орто жолду тандаган жана туура жолду кармаган ахл-и сүннөт болуп саналат. Ахл-и сүннөттө ашъариййа жана матуридиййа деген эки гана акыйдалык мазхаб бар. Ушул экөөнөн башкасы ахл-и сүннөт жамаатынын сыртында. Ахл-и сүннөт пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жана асхаб-ы кирамдын жолун тутунат. Бүгүнкү күндө куттуу салаф-и саалихиндин атын жамынып, бирок түпкүрүндө ташбих жана тажсимге кирип кеткен кээ бир тайпаларды ахл-и сүннөттөн деп кабыл алуу оор.

Негизинен сахабалар затий сыпаттар менен фиилий сыпаттарды бөлбөстөн, бардыгын бирдей кабыл алышкан. Алар «кол», «жүз» сыяктуу хабарий сыпаттарды таъвил этпестен ыйман келтиришкен. Алар кандайдыр бир нерсени Аллага салыштыруудан оолак болушкан. «Рахман Аршка истиваа кылды», «Эки колум менен жараттым», «Раббиң келди» деген маанилерди туюнткан аяттардын лафзынын акыйкатын билбегенин жана аны билүүгө милдеткер эмес экенин айтышкан. Таъвилге кирген эмес. Ташбихке түшпөгөн салаф аалымдарынын[1] ири өкүлү Имам Малик, «Истиваа – маалым,[2] кайфияты гойру маъкуул, ага ынануу – ваажиб, ал боюнча суроо берүү – бидаат» деген. Абалкылар тайпасынан орун тапкан Ашъари муътазила менен мушаббиханын ортосунда жол карманган. Ал Алла Тааланын макулукка окшоштурууга караманча каршы чыккан. «Алла илими менен аалим, кудирети менен каадир, хаяты менен тирүү, ираадасы менен ираада ээси, каламы менен сүйлөөчү, самиъ менен угуучу, басар менен көрүүчү. Булар анын заты менен кайым (коим) болгон эзелки сыпаттары. «Сыпаттар Алланын Өзү же Андан башкасы» деп айтылбайт. Башкача айтканда, сыпаттар заттын өзү да эмес, башка да эмес деген. Ашъарилер Алланын өз сыпаттары менен сыпаттаган. Бул сыпаттар; илим, кудирет, хаят, ираада, калам, угуу, көрүү сыяктуулар Алланын заты менен кайым болгон эзелки сыпаттар деп кабылдаган. Ахл-и сүннөттүн кийинки зор тайпасы матуридиликте да «Алланын сыпаттары» маселеси ашъарилердин көз карашы менен бирдей. Тактап айтканда, «Сыпаттар Алланын Өзү эмес» же «Сыпаттар Андан бөлөк» деп айтылбайт. Же болбосо «сыпаттар заттын өзү же андан башка» делбейт (ليست عينه و لا غيره).[3]

Ашъарилик менен матуридиликтин сыпаттар маселесинде биртке айырмасы; таквин сыпаты болуп саналат. Матуридилер таквин сыпаты менен Алланын сыпаттарын 8 ге чыгарат. Ошондой эле матуридиликте фиилий сыпаттар да эзелки деп саналат.

Демек, ахл-и сүннөттүн акыйдасында Улуу Алланын сыпаттары заттын өзү болбогону сыяктуу, өзүнөн башка да эмес. Сыпаттарды кабыл алуу Андан башка теңдешкис нерсени кабыл алуу дегенди туюндурбайт. Сыпаттарды Өзү эмес деп кабылдоо Аллага шерик кошуу сыяктуу артыкбаш тынчсызданууга жол ачпайт! Ал эми Өзүнөн башка дагы эмес деп кабылдоо – Анын сыпаттары көз карандысыз, өз алдынча эзелки болбогондугу үчүн Өзүнөн башка дебейбиз. Алла сыпаттары менен кайым, кадим жана эзелки. Анын сыпаттары макулуктардын эч биринин сыпатына окшобойт. Ал затында жалгыз болгон сыяктуу эле сыпаттарында да жалгыз! Алланы Өзүнө гана жараша турган сыпаттар менен сыпатташыбыз керек.

Сыпаттардын классификациясы

Аллага ыйман келтирүү – Анын затына байланыштуу ваажиб болгон кооз сыпаттары менен жайиз болгон сыпаттарын таанып жана ынанып, Улуу затын кемчиликтүү сыпаттардан аруу кылуу (муназзах) болуп саналат. Алла Таала кооз сыпаттары менен сыпатталуу (муттасиф), кемчиликтүү сыпаттардан таза. Анын сыпаттарынын бардыгы заты сыяктуу эзелки жана түбөлүктүү. Улуу Жараткандын сыпаттары эч бир макулуктун сыпаттарына окшобойт.

Биз Алла Тааланын затын биле албайбыз. Билүү ыктымалдуулугубуз да жок. Бирок кудай тааланы кооз ысымдары жана сыпаттары менен таанып, ыйман келтиребиз. Ушул себептүү Анын сыпаттарын билүүгө муктажбыз.

Аллаху субхану ва таъааланын сыпаттарын 4 категорияга бөлүп карайбыз. Кээ бир калам китептеринде 5 ке бөлүнөт. Биз салбий сыпаттар жана сыфат-и нафсиййаны «затий сыпаттардын» ичинде кароону туура көрдүк.

  1. Затий сыпаттар
  2. Субутий сыпаттар
  3. Фиилий сыпаттар
  4. Хабарий сыпаттар

Төмөндө ар бир сыпатты ачыктап берүүгө аракет кылабыз. Алла Таалам жеңилдик жана ийгилик берсин.

I. ЗАТИЙ СЫПАТТАР

Алла тааланын вужууд, кыдам, бакаа, вахданият, мухалафатун лил-хаваадис, кыям би-нафсихи деп аталган 6 заатий сыпаты бар. Муну «танзихий сыпаттар» деп да аташат. Бул сыпаттардын карама-каршысын Алла Таала үчүн колдонууга мүмкүн эмес.

  1. Вужууд  

Вужууд – бар болуу дегенди туюндурат. Алла Таала бар, Анын бар экендигине эч кандай шек-күмөн жок. Ал Важибул-Вужууд. Жаратылган бардык нерселер (махлукаат) анын бар экендигинин күбөсү (худус далили). Бирок биз анын затын биле албайбыз. Мына ушул жерде адам акылы чектүүлүк кылат. Ыйык Куран-и Каримде төмөнкүдөй баяндалган:

لَا تُدْرِكُهُ الْاَبْصَارُۘ وَهُوَ يُدْرِكُ الْاَبْصَارَ

«Аны көздөр көрө албайт. Ал эми Ал бардык көздөрдү көрүп турат» (Анаам, 103).

Биз аң-сезим, туюмдарыбыз менен анын жараткан нерселерине карап, Жараткандын бар жана бир экендигин биле алабыз. Анын барлыгы бизге ишеним жана бейпилдик берип, инсан экенибизди эстетип турат.

Вужууддун антоними адем (жоктук) болуп саналат. А жоктук кудай таала үчүн мухал (мүмкүн эмес).

  • Кыдам

Кыдам – эзелки болуу дегенди туюндурат. Алланын барлыгынын башталышы жок. Ал Оболку же Эзелки. Ал кийинчерээк пайда болбогон! Эгерде Алла Таала кийинчерээк пайда болгон десек, анда Ал да худус (жаралган) болуп, башка мухдиске (жаратуучуга) муктаж болуп калмак. Ошондуктан кудай тааланы дайыма бар болгон (кыдам) деп кабылдоо шарт.

هُوَ الْاَوَّلُ وَالْاٰخِرُ وَالظَّاهِرُ وَالْبَاطِنُ وَهُوَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَليمٌ

«Ал – Оболку жана Акыркы. Ал – Сырткы[4] жана Ички[5]. Ал – бардык нерсени Билүүчү» (Хадид, 3).

Демек, бардык жаратылган нерсенин башы жана аягы бар. Бирок мындай өзгөчөлүк кудайга таандык эмес.

  • Бакаа

Бакаа – барлыгынын соңу болбошу, түбөлүктүү болушу дегенди туюнтат. Алла Тааланын башталышы болбогон сыңары, Анын аягы да жок. Ал ар дайым тирүү жана эч качан өлбөйт. Мындай өзгөчөлүк Анын барлыгынын ваажиби/ шарты/ зарылдыгы болуп саналат. Өлүм, жок болуу, кыйроо башаты бар жаратылган нерселерге таандык.

كُلُّ مَنْ عَلَيْهَا فَانٍ ﴿٢٦﴾

وَيَبْقٰى وَجْهُ رَبِّكَ ذُو الْجَلَالِ وَالْاِكْرَامِ ﴿٢٧﴾

«Анын (асмандар жана жер) үстүндөгүнүн баары жок болот. Бир гана Берешендиктин жана Улуулуктун ээси болгон Эгеңдин өзү  түбөлүк калат» (Рахман, 26-27).

Ыйман келтирген адам жашоонун булагы кудай тааладан экенин билет. Билбеген адамда жоопкерчилик сезими болбойт. Ал тургай адеп-ахлактуулугу жана адамгерчилиги да төмөн болуу ыктымалдуулугу жогору.

  • Мухалафатун лил-хаваадис

Жараткан Алла Таала жаратылган эч бир затка окшобойт. Ал макулуктар сыңары убакытка жана мейкиндикке (мекенге) муктаж эмес! Кимде-ким Алла Тааланы кандайдыр бир убакытка же орунга чектеп койсо, шексиз адашууга кириптер болуптур. Себеби, ал Алла Тааланы макулуктарга окшотуп койду. Бул кудай тааланын мухалафатун лил-хавадис сыпатына карама-каршы келет.

Кудай таала ой-санаабызга кылт эткен ар кандай элес-буластан, кыялий түспөлдөрдөн оолак (муназзах). Салаф-и саалихин «Алла Таала сенин акылыңа келген, ой-санаага түшкөн бүткүл нерселерден башка» деп айтып кетишкен.

لَيْسَ كَمِثْلِه شَيْءٌ وَهُوَ السَّميعُ الْبَصيرُ

«… Ага окшош эч нерсе жок. ал – Угуучу жана Көрүүчү» (Шуура, 11).

Эгерде кудай таала жаратылган нерселерге окшосо, алар сыяктуу башкага муктаж фаани (өткүнчү) зат болмок. Бул кудай үчүн мухал. Мухалафатун лил-хаваадис сыпаты кудай тааланы объект, субъект, абстракция, материя жана бөлүкчөлөрдөн турган нерсе (жисим) сыяктуу макулуктарга таандык ар кандай сапаттардан танзих (аруу) кылат. Бул сыпат жеп-ичүү, уктоо, эс алуу, отуруу-туруу сыяктуу пенделик (башарий) сапаттардан да оолак кылат. Ошондой эле кубаныч-кайгы өңдүү рухий жагдайлардан (психологиялык абалдардан) таза экенин да камтыйт.

  • Кыям би-нафсихи

Анын бар болушу башка жаратылгандардай сыяктуу бөтөн затка же шартка көз каранды эмес. Анын барлыгы жана бирлиги өзүнө гана таандык. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Ал эми жаралган нерселер (макулуктар) Ага муктаж. Кудай таала эч нерсеге; макулукка, убакытка, орунга жана себепке муктаж болбой туруп, өзүнөн-өзү бар деп түшүнөбүз. Бар болууда, барлыгынын улануусунда эч нерсеге муктаждыгы жок. Мунун карама-каршысы жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Эгерде кимде-ким мунун тескерисин ойлонсо, анда важибул-вужуудга шек менен караган болуп, кудай таалага имкан ааламынын сыпаты берилген болуп калат. Аалам жана ааламдагы нерселердин жоктуктан барлыкка өтүшү үчүн да, барлыгынын уланышы үчүн да куруучуга/ жаратуучуга муктаж. Ал эми бул нерсе Аллага таптакыр тиешелүү эмес. Кимде-ким Алланын барлыгын же барлыгынын уланышын кандайдыр бир себепке, убакытка же орунга чектесе, анда анык адашыптыр.

يَٓا اَيُّهَا النَّاسُ اَنْتُمُ الْفُقَـرَٓاءُ اِلَى اللّٰهِ وَاللّٰهُ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَميدُ

«Эй адамдар! Силер Аллага муктажсыңар! Алла болсо эч нерсеге муктаж эмес, Макталуучу!» (Фаатир, 15).

Бала энеге муктаж. Оорулуу врачка муктаж. Мына ушунун өзү эле адам баласынын башкага муктаж экенин көрсөтүп турат. Демек, башка макулуктар өңдүү адам баласы да кудай таалага муктаж. Ошол себептүү инсан бой көтөрүүдөн жана менменсинүүдөн оолак болуп, Алла Таалага баш ийип, кулдук урушу керек.

  • Вахданият

Вахданият – бир, жалгыз болуу, окшошу жок, теңдешкис, шериги жана ортогу болбоо деген маанини туюндурган Аллага ыйгарылган салбий сыпаттардын бири болуп саналат. Мунун карама-каршысы тааддут – бирден көп болуу, теңдеши, шериги жана ортогу бар болуу сыяктуу маанилерге келет. Бул албетте, улухиятка туура келбейт. Алла Таала затында да, сыпаттарында да, жаратуусунда (фиилинде) да жалгыз/ шериги жана ортогу жок.

Ыйык Куран-и Каримдин Ихлас сүрөсү ислам таухидин негиздеп турат:

  1. Айткын: Алла Жалгыз!
  2. Алла эч кимге муктаж эмес!
  3. (Ал) төрөбөгөн жана төрөлбөгөн.
  4. Ага эч ким теңдеш эмес.

Бул сыпат адам жана коомду бириктирип турган өзгөчөлүккө ээ. Себеби, бир кудайга гана сыйынган жекелик же коом башка толгон-токой нерселерге сыйынуудан жана ашкере кыжаалатчылыктан оолак болот.

II. СУБУТИЙ СЫПАТТАР

Алла Тааланын; Хаят, Илим, Самиъ (угуу), Басар (көрүү), Кудирет, Ираада, Калам, Таквин (жаратуучу) сыпаттары субутий сыпаттар деп аталат. Субутий сыпаттар Алланын ким экенине, кандай экенине байланыштуу өзгөчөлүктөрдү камтыйт.

Субутий сыпаттар Алланын эзелтен бар жана түбөлүк заты менен кайым болуп саналат. Алланын заты менен бир да эмес, башка да эмес бул сыпаттарга сыфат-ы затиййа, сыфат-ы маъаани жана сыфат-ы икрам деп да айтылат.

Субутий сыпаттарды Аллага таандык кылуу боюнча дээрлик бардык акыйда мазхабдары орток көз карашта. Бирок Алланын затына байланыштырууда жана саны боюнча айырмачылыктар бар. Алсак, муътазилийлер Алланын таухидине шек келтирет деген жүйөө менен Алланын затына кошумча каадим сыпаттардын барлыгын четке каккан. Ал эми ахли сүннөт аалымдары Куран жана хадистердин негизинде Алланын затына сыпат ыйгаруунун таухидге эч кандай шек келтирбешин далилдеген. Алланын ысымдары канчалык болсо, сыпаттары да ошончолук болгонуна карабай, Анын затын таануу-таанытуу жана баяндоо үчүн сыпаттарды бири-бирине бириктирип, натыйжада ашариликте 7, матуридиликте 8 сыпатка токтолушкан. Ашъарилер таквин сыпатын өзүнчө сыпат катары эсептебей, жаратууну кудирет жана ираада сыпатынын ичинде караган.

  1. Хаят

Хаят – Улуу жаратканды тирүү дегенди туюндурат. Ал эзелки жана түбөлүк жашоого ээ. Жашоонун карама-каршысы болгон өлүм ал үчүн мүмкүн эмес (мустахил). Бирок анын тирүүлүгүн (хаятын) жаратылган жандыктар сыяктуу дене жана рухтан деп кабыл албоо шарт. Ал тирүү гана эмес, башкаларга тирүүлүк, өмүр жана ырыскы тартуулаган эзелки жана түбөлүктүү зат. Жашоого жаралган ар бир жандуунун өмүр булагы Алладан болуп саналат.

وَتَوَكَّلْ عَلَى الْحَيِّ الَّذي لَا يَمُوتُ وَسَبِّـحْ بِحَمْدِه

«Эч өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө тобокел кыл жана Аны мактоо менен аруула» (Фуркан, 58).

  • Илим

Илим сыпаты – Алланын бары-жокту билиши. Сөздүктө «билүү», «маалымат», «маърифат» сыяктуу маанилерге келет. Терминологиялык мааниси, Алла Тааланын эзелкиден түбөлүккө карай бүт нерсени; болгон-болбогон, болуп жаткан жана боло турган, жашыруун жана ачык, бар жана жок, ваажиб жана мүмкин, жузий жана куллий ж.б. билиши. Мунун карама-каршысы болгон түркөйлүк (жахаалат) кудай таалага эгерим жалгашпаган сыпат.

Калам аалымдары бул сыпаттын акылдык аргументтер менен, тагыраагы ааламдагы тартиптүүлүк, кылдаттуулук, тең салмактуулук жана системалуулук менен далилдеген. Айтор, көз жоосун алган аалам түзүлүшү, системалуулук жана закондор Алланын барлыгына жана бирлигине, Даанышмандыгына, Кудиреттүүлүгүнө, ошондой эле чексиз илим Эгеси экенине далил. Ал эми накылдык далилдерге кайрыла турган болсок,

اِنَّ اللّٰهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَليمٌ

«Акыйкатта, Алла бүт бардыгын Билүүчү» (Анфал, 75).

Мындан сырткары Фуссилат, 47; Анаам, 59; Мужадала, 7; Мүлк, 13-14 ж.б. аят-ы карималарда Алланын улуу илим эгеси экени баяндалат.

  • Ираада

Ираада – сөздүктө бир нерсени жасоону каалоо, тилөө, ээ болууну самоо, максат кылуу, максат коюу, ниетинде болуу сыяктуу маанилерге келсе, терминологияда кайсы бир убакытта, басым же мажбурийлик болбой туруп жасалышы же жасалбашы, эки бирдей мүмкүндүктүн бирөөсүн тандоону шарттаган өзгөчөлүк болуп саналат.

اِنَّمَا قَوْلُنَا لِشَيْءٍ اِذَٓا اَرَدْنَاهُ اَنْ نَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

«Бир нерсенин болушун каалагыныбызда Биздин: «Бол!» – деген гана сөзүбүз жетиштүү. Ошондо ал болот да калат» (Нахл, 40).

Алла Таала чексиз каалоочу, жаратуучу улуу күчкө эгедер. Эч ким жана эч нерсе анын каалоосуна каршы боло албайт. Ал каалабаса эч нерсе ишке ашпайт.

  • Кудирет

Кудирет – сөздүк мааниси «күч», «кубат», «бир нерсеге күчү жетүү», «бир ишти максаттуу аткаруу», «кубаты болуу», ж.б. маанилерге келет. Терминологиялык мааниси жашоо эгесинин өз каалоосу менен бир ишти кылууга же кылбоого күчү жетерин туюндурган сыпат болуп саналат. Кудирет сыпаты Аллага ыйгарылганда ираада жана илимине ылайык кабылданууга тийиш.

اِنَّ اللّٰهَ عَلٰى كُلِّ شَيْءٍ قَديرٌ

«…Албетте, Алла бардык нерсеге Кудиреттүү» (Нахл сүрөсү, 77).

Алланын кудирет сыпаты ираада сыяктуу эле мүмкинул-вужудду өз кучагына алат. Ал эми важибул-вужуудга жана мустахил (же мүмкүн эмес) нерселерге байланыштырбоо керек. Ахл-и сүннөт аалымдары кудирет сыпатынын камтуу маселесинде важибул-вужудду камтыбайт дешкен. Кудирет – Алланын заты менен кайым болгон эзелки сыпат. Ашъарилер жаратууну/ бар кылууну кудирет жана ираада сыпаттары менен байланыштырышат. Алардын пикири боюнча Алланын жаратуусу эзелки кудирет жана ираада сыпаты менен ишке ашат (тааллук). Бул көз карашка ылайык, кудирет менен мүмкүндөр жаралууга даяр абалга келет. Эзелки ирааданын тандоосуна ылайык бар же жок болушат. Башкача айтканда, ираада жана кудирет мүмкүндөрдү жоктуктан барлыкка чыгарууда роль ойнойт.

Ал эми матуридилердин көз карашында кудирет сыпатынын бир гана курчоосу (тааллук) бар жана ал эзелки болуп саналат. Ал нерсенин бар же жок болушун даяр абалга алып келет. Нерсенин жаралышында таквин сыпаты роль ойнойт.

  • Таквин (жаратуучу)

Таквин – жок болгон нерсени бар кылуу, жаратуу дегенди түшүндүрөт. Бул матуридилердин пикиринде Алланын заты менен кайым, эзелки жана субутий сыпат болуп саналат. Жаратуу, жасоо, куруу, бар кылуу, ортого чыгаруу сыяктуу терминдер менен да туюндурулган Алланын таквин сыпаты «жаратуу», «ырыскы берүү» сыяктуу фиилий сыпаттарына колдонулат. Ашъарилер таквинди түпкү сыпат катары кабыл албастан, башка фиилий сыпаттар сыяктуу жаратылганын, Алланын заты менен кайым болбогонун айтышкан. Себеби, алардын көз карашында таквинге берилген роль – жаратуу. Кудирет менен ирааданын айкалышында жаратуу пайда болот жана башка сыпатка зарылдык калбайт.

Алардын мындай жыйынтыкка барууларынын себеби, таквин менен мукавванды (жаралган нерсени) бирдей кабыл алуу жана таквиндин эзелки сыпат катары кабыл алуу менен жаралган нерсени да эзелки деп кабылдоо сыяктуу тынчсыздануулары болгон. Анткени, алардын пикиринде мукавван болбой туруп таквин да болбойт. Ал эми матуридилер мукавван менен таквинди бөлүп карап, мукавванды хаадис (жаралган), таквинди кодим деп белгилешкен.

 وَهُوَ بِكُلِّ خَلْقٍ عَليمٌ

«…Ал бардык жаралганды билүүчү» (Йасин, 79).

اِنَّـمَٓا اَمْرُهُٓ اِذَٓا اَرَادَ شَيْـٔاً اَنْ يَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ

«Ал бир нерсенин (болуусун) каалаганда, Анын иши тек гана «Бол!» – деп айтуу. (Ал) болуп калат» (Йасин, 82).

  • Самиъ

Самиъ – угуу дегенди туюндурат. Аллага эч нерсе угулбай калбайт. Ошондой эле эч нерсе Анын угуусуна тоскоолдук жарата албайт. Алла таала угуу үчүн кандайдыр бир нерсеге муктаж эмес. Бул Алланын кооз сыпаттарынын бири.

 وَاللّٰهُ سَميعٌ عَليمٌ

«… Алла – Угуучу, Билүүчү!» (Бакара, 256)

Биз Алла Тааланын Угуучу экенин гана билебиз. Бирок кантип угат, эмне менен угат, бул жагын биле албайбыз. Себеби, Ал кулак, нерв, мээ сыяктуу органдарга муктаж эмес. Бул нерселерди аңдоого, билүүгө акылыбыз алсыздык кылат. Алла Таала «самиъ» сыпатынын антоними болгон «укпай калуу», «дүлөй» сыяктуу кемчиликтүү сыпаттардан оолак, муназзах.

  • Басар

Басар – көрүү дегенди туюнтат. Анын көрө билиши жаратылган жандыктардыкына эгерим окшобойт. Эч нерсе Ага көрүнбөй калбайт. Ал көрүү үчүн көзгө, жарыкка ж.б. материалдык нерселерге муктаж эмес. Анын көрүүсүн махлукаттын көрүүсүнө окшоштурбоо шарт. Алла Тааланын илиминде чек болбогондой эле, угуу, көрүүсүндө да чек жок.

 اِنَّهُ هُوَ السَّميعُ الْبَصيرُ

«Акыйкатта, Ал Угуучу, Көрүүчү» (Исра, 1).

Алланын көрүп турганы адамга жоопкерчиликти күчөтөт. Пенде өзүнө тартууланган ниматтарды көрүп-билүү менен шүгүр кылууга далбас урат. 

  • Калам

Алла Тааланын кооз сыпаттарынын бири – калам болуп саналат. Калам – «сүйлөө», «сүйлөшүү», «баяндоо» сыяктуу маанилерди билдирет. Калам сыпаты Алланын сүйлөй тургандыгынын/ мутакаллим экенинин далили. Бирок Ал сүйлөөдө тыбыш, тамга сыяктуу нерселерге муктаж эмес. Алланын кандай сүйлөй аларын адам баласы аңдап жете албайт.

Алла Таала китептерди жиберген, кээ бир пайгамбарлар менен сүйлөшкөн. Калам сыпаты Алланын заты менен кайым жана эзелки. Сүйлөөнүн антоними болгон «тилсиздик», «дудуктук» сыяктуу сыпат Аллага тиешелүү эмес. Ал калам сыпаты менен буйрук кылат, тыюу салат же кабар берет.

قُلْ لَوْ كَانَ الْبَحْرُ مِدَاداً لِكَلِمَاتِ رَبّي لَنَفِدَ الْبَحْرُ قَبْلَ اَنْ تَنْفَدَ كَلِمَاتُ رَبّي وَلَوْ جِئْنَا بِمِثْلِه مَدَداً

«Эгер Эгеңдин сөздөрүн (жазуу) үчүн деңиз сыяга айланса, ага дагы ошончону кошсок дагы, чындыгында Эгеңдин сөзүнөн мурда деңиздер түгөнмөк» деп айт» (Кахф, 109).

Ыйык Куран-и Карим «Каламулла» деп да аталат.Тарыхта «Куран эзелкиби же жаралганбы?» деген талаш болгон. Абалкылар Куранды эзелки десе, муътазила жаралган деген. Абалкылар жолун карманган ахл-и сүннөт аалымдары калам сыпатын нафсий жана лафзий деп экиге бөлүп караган. Нафсий калам Алланын заты менен кайым болуп саналат жана муну аңдай албайбыз. Ал эми лафзий калам болсо тыбыш жана тамгалардан турган Курандын лафзы болуп саналат. Лафзий калам эзелки эмес, хаадис/ махлуук. 

III. ХАБАРИЙ СЫПАТТАР

«Йад» (يَد), «важх» (وَجْه), «истиваа» (اسْتَوى), «нузуул» (نُذُول) ж.б. сыяктуу муташаабих аят жана хадистер аркылуу билдирилген жана кабарлар (хабар) менен бекемделген сыпаттар хабарий сыпат деп аталат. Захирий (сырткы) маанилери түшүнүлгөндө ташбих жана тажсимге алып барган бул сыпаттарды захирий маанисин түшүнбөө керек. Кимде-ким мындай кабыл кылса адашууга кириптер болушу мүмкүн. Мисалы, «кол» жөнүндөгү аятты чечмелеп, «адамдын да, малдын да, эшиктин да колу болгон сыңары, Алланын да колу бар» деп айткан болсо, терең адашууга кириптер болуптур.[6] Ырасында Алланын жаратылган нерсеге салыштыруу, окшоштуруу абсолюттуу түрдө адашуу болуп саналат.

Салаф-и саалихин хабарий/танзихий сыпаттардын тегерегинде «Куранда келүүсү маалым, кайфияты (кандайлыгы) гойру маъкуул (акылга сыйбайт)» деп толук моюн сунушкан (таслим болушкан). Бирок мушаббихит, мужассимит жана хашавиййа сыяктуу агымдар кайфият бар деп кабылдап, (лафызга башка маани бербестен) сөзмө-сөз захирин түшүнүшкөн. Булар исламга антропоморфизмди, тагыраагы колу-буту, жүзү бар, отурган-турган оруну бар адам түспөлдүү кудай түшүнүгүн алып келишти. Деген менен Алла Тааланын теңдеши, окшошу, карама-каршысы жана ортогу болбогон сыяктуу материя эмес, абстракция эмес, бөлүкчөлөрдөн турган предмет эмес, образ да эмес. Ал ар кандай кемчиликтүү нерселерден оолак Зат.[7]

Ыйык Куран жөн адамдын эмес, кадимки Алланын сөзү болуп саналат. Аны түшүнүү үчүн чоң илим жана түшүнүк керек. Хабарий сыпаттар боюнча захирин гана негиз алып, үстүртөн жорум айтуу – жайиз эмес. Жогоруда айтылгандай, бул маселелерде мукаллаф эмеспиз. Бул темада эң туура жол – муташаабих аяттарды кабыл алуу, ташбих жана тажсимден оолак абалда тастыктоо жана маанисин Аллага таштоо. Мына ошондуктан салаф-и саалихиндин тафвизине негизделген халаф аалымдарынын методологиясын кабыл алуу дурус.

Тилекке каршы, акыркы кылымдарда салаф-и саалихиндин жолун жолдойбуз деп, бирок түпкүрүндө ташбих жана тажсимге кирип кеткен тайпалар бар. Алар муташаабих аяттарды сөзмө-сөз түшүнүү зарыл деп эсептегендиктен, Алланын затына шек келтирип коюшууда. Эң негизги адашуулары Аллага орун (мекен) ыйгарууда жатат. Бул тайпа кээ бир муташаабих аят жана кабарлардын сырткы маанисин сөзмө-сөз түшүнүү менен «Алла асманда» деп чоң адашууга кириптер болушту. Алар негизинен төмөнкү аяттарды далил катары карманышат:

اَلرَّحْمٰنُ عَلَى الْعَرْشِ اسْتَوٰى

«Рахман Аршка истиваа болду» (Таха, 5).

وَهُوَ الْقَاهِرُ فَوْقَ عِبَادِه وَهُوَ الْحَكيمُ الْخَبيرُ

«Ал өз пенделеринин үстүнөн толук бийлик жүргүзүүчү» (Анаам, 18).

يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ

«Жакшы сөз Ага көтөрүлөт» (Фаатыр 10).

ءَاَمِنْتُمْ مَنْ فِي السَّمَٓاءِ اَنْ يَخْسِفَ بِكُمُ الْاَرْضَ فَاِذَا هِيَ تَمُورُ ﴿١٦﴾

«Жер титиреген кезде Асмандагы силерди жер менен кошо көмкөрүп салса, аман калабыз деп ойлойсуңарбы?» (Мүлк, 16).

Ыйык Куран муъжиза болуп саналат. Ал көркөм сөз жана акындык өнөр өтө күчтүү өнүккөн коомго түшүп, аларды аң-таң калтырган Китеп. V-VI кылымдардагы гүлдөгөн араб оозеки чыгармачылыгын басып түшкөн Куран-и Каримди катардагы жөнөкөй китеп катары кабылдоо эң бери дегенде Куранга урматсыздык болор. Теңдеши жок (муташаабих) аяттарды сөзмө-сөз же түздөн-түз түшүнүү жаңылууга алып барат.

Кыргыз оозеки чыгармачылыгы да мыкты өнүккөндүктөн, сөз айкаштары, фразеологизмдер, салыштыруулар, троптор ж.б. бизде да арбын. Мисалы, «котур ташы койнунда» деген фразеологизм ичинде арам ою бар адамды түшүндүрөт. Муну сөзмө-сөз кабылдоо – сандырактык. «Кулагы узун киши» деп маалыматка тез жете турган адамды айтабыз. Бирок түзмө-түз кабыл алсак, туура эмес түшүнгөн болобуз. «Колу ачык» дегенибиз колу жумулбаган кишини эмес, берешен адамды туюндурат.

Дал ошол сыңары Курандын ар бир аятын түзмө-түз, сөзмө-сөз түшүнүү туура эмес жыйынтыкка алып барат. Ошондуктан муташаабих аяттарды түшүнүп-түшүндүрүүдө этият болуу керек. Жогорку муташаабих аяттарды сөзмө-сөз түшүнгөн тайпанын акыйдасынын батыл (жаңылыш) экени белгилүү. Себеби, алар момун-мусулман мукаллаф болбогон маселелерге кирди. Муташаабих аяттарды сөзмө-сөз түшүнүүнү негиз алган алар «Алла – асманда» деп айтуу менен адашты. Алар жогорку муташаабих аяттарды жана кээ бир хадистерди түзмө-түз түшүнүүнү туура көрүшкөн эле. Бирок, башка муташаабих аяттар адашууларды айкын көрсөтүп, алардын батыл акыйдасынын таш-талканын чыгарат:

وَهُوَ الَّذي فِي السَّمَٓاءِ اِلٰهٌ وَفِي الْاَرْضِ اِلٰهٌ

«Ал (Алла) – асманда да кудай, жерде да кудай» (Зухруф, 84).

وَهُوَ اللّٰهُ فِي السَّمٰوَاتِ وَفِي الْاَرْضِۜ

«Ал асмандар менен жердеги (жалгыз гана) Алла» (Анаам, 3).

وَنَحْنُ اَقْرَبُ اِلَيْهِ مِنْ حَبْلِ الْوَريدِ ﴿١٦﴾

«Биз ага күрөө тамырынан да жакыныраакпыз» (Каф, 16).

وَنَحْنُ اَقْرَبُ اِلَيْهِ مِنْكُمْ وَلٰكِنْ لَا تُبْصِرُونَ ﴿٨٥﴾

«Биз силерге караганда ага (чыгып жаткан жанга, рухка) жакыныраакпыз. Бирок силер көрбөйсүңөр (Вакиа, 85).

وَقَالَ اِنّي ذَاهِبٌ اِلٰى رَبّي سَيَهْدينِ ﴿٩٩﴾

“Ибрахим: “Эгем жакка кетемин. Ал мага жол көрсөтөт” – деди” (Саффат, 99).

Алланын заты жана сыпаты маселесинде адашууга кириптер болуп, «Алланы асманда» деп кудай таалага орун ыйгарган тайпалар жогорку аяттарды кайда катат? Же бул аяттарга келгенде таъвил кыла коюшабы? Өздөрүнүн негизги усулу сөзмө-сөз түшүнүү же аятты таъвил кылбоо эле го? Эгер Алла асманда болсо, анда жан берип жаткан адамдын жанына түшүп келип алабы? Же Азирети Ибрахим (а.с.) Алла турган тарапка бардыбы? Же бул аяттарга келгенде өз усулдарын өздөрү бузушабы? Кыскасы, булардын тутунган жолдору жаңылыш!

Адашкандар матуридия акыйдасын туура эмес деп баалап, «силер кудай бардык жерде дейсиңер» деп жалаа жабат. А бирок Имам Матуриди да, матуриди аалымдары да эч качан антип айткан эмес. Тескерисинче, Имам Матуриди Аллага мекен ыйгарбоо боюнча так кесе[8] айткан. Акыйкатта Алла Таала ар кандай кемчиликтерден оолак Зат. Аллага орун ыйгаруу Анын затына шек келтирет. Себеби, орунга муктаж нерсе кудай боло албайт. Демек, муташаабих аяттарды өйдө-төмөн чойгулап, ойду-келди жоромолдоо туура эмес. Мындай аяттардын маани-маңызын Аллага таштоо шарт.

IV. ФИИЛИЙ СЫПАТТАР

Алла Таалага ыйгарууга болгон да, болбогон да сыпаттарды фиилий же жайыз сыпаттар дейбиз. Фиилий сыпаттар заттын шарттуулугуна кирбейт. Фиилий сыпаттардын бардыгы Алланын кудирет, ираада жана таквин сыпаттары менен жүзөгө ашат. Жараткандын фиилий сыпаттарынын булагы таквин сыпаты болуп саналат.

Фиилий сыпаттарды 5 топко бөлүп карайбыз.

  1. Жаратуу (тахлик): Жаратуу Алла Таалага гана таандык. Ал бардык нерсени жаратышы мүмкүн. О. э. жаратпай коюшу да мүмкүн.
  2. Хидаят берүү жана залаалатта таштоо (ихдаа жана идлаал): Алла Таала пенденин каалоосуна жараша хидаятты же залаалатты жаратып берет. Бул экөө тең Алла үчүн жайиз.
  3. Пайгамбар жөнөтүү жана китеп түшүрүү (ирсал жана инзал): Улуу Жараткан эч бир мажбуриятсыз пайгамбар жөнөткөн жана китеп түшүргөн.
  4. Өлгөндөн кийин тирилтүү жана топтоо (Баъас жана Хашр): Алла Таала өлгөндөн кийин тирилтет жана Улуу Соту үчүн махшар майданына топтойт. Ал Өзү кабар бергендиктен баъас жана хашр жүзөгө ашат. Алла Таала Эсеп күнүн мажбурлугу себептүү эмес, Өзү каалаганы үчүн жасайт. Т. а. аргасыздыктан жасабайт.
  5. Нимат берүү жана азап берүү (танъим жана таъзиб): Алла Таала пенденин аракетине жараша нимат-жакшылык берет же азап берет. Муну да аргасыздан эмес, Өз каалоосуна ылайык тандайт…

Жыйынтык сөз:

Алла тааланын заты жана сыпаты маселесинде терең маалыматка ээ болбой туруп, ал нерселер жөнүндө сөз кылуу – опурталдуу. Ислам илимдеринин эң шарапаттуусу, эң улугу, эң даражалуусу эсептелген акыйда илиминен куржалак калган кээ бир адамдар ушул күндөрү туура эмес акыйда сүйлөп, эл арасында ар кандай фитна жана конфликттерге жол ачууда.

Алланын заты бар, бирок бизге сыр. Ал эми субутий сыпаттары жалпы сегиз болуп, алар Алланын заты менен кайым. Хабарий сыпаттар муташаабих настарда келип, ал боюнча захирий мааниси боюнча жорум кылынбайт. Кимде-ким муташаабих аяттардын захирий (сырткы) мааниси боюнча түшүнүп, ары-бери чечмелесе, анда туура жолдон чыккан болуп саналат. Муташаабих аяттарынын максат-мааниси Аллага гана маалым, бизге маалым эмес. Аларды билүүгө мукаллаф (жоопкер) эмеспиз. Бул туурасында Ыйык Куранда төмөнкүдөй билдирилген:

هُوَ الَّـذ۪ٓي اَنْزَلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ مِنْهُ اٰيَاتٌ مُحْكَمَاتٌ هُنَّ اُمُّ الْكِتَابِ وَاُخَرُ مُتَشَابِهَاتٌۜ فَاَمَّا الَّذ۪ينَ ف۪ي قُلُوبِهِمْ زَيْغٌ فَيَتَّبِعُونَ مَا تَشَابَهَ مِنْهُ ابْتِغَٓاءَ الْفِتْنَةِ وَابْتِغَٓاءَ تَأْو۪يلِه۪ۚ وَمَا يَعْلَمُ تَأْو۪يلَهُٓ اِلَّا اللّٰهُۢ وَالرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ يَقُولُونَ اٰمَنَّا بِه۪ۙ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ رَبِّنَاۚ وَمَا يَذَّكَّرُ اِلَّٓا اُو۬لُوا الْاَلْبَابِ

«Ал Сага китеп түшүрдү. Анда мааниси ачык-айкын (мухкам) аяттар бар. Жана алар – Китептин өзөгү. Калган аяттар – муташабих (максат кылынган мааниси ачык эмес, бир нече маанини камтыган аяттар). Кимдердин жүрөктөрүндө (Куран тууралуу) кара ниети болсо, андагы сырдуу аяттарды бурмалоо жана бузукулук кылуу максатында аңдышат. Анын чечмелөөсүн Алла гана билет. Илимге бекем тургандар: «Биз ага (Куранга) ишендик! Баары – Эгебизден»! – дешет. Акыл-эстүүлөр гана өрнөк алышат (Аали Имран, 7).

Демек, акыйда маселелерин адашып же атайылап бурмалаган адамдар муташаабих аяттарды «аңдыбашы» керек. Биздин кыргыз элибиз миң жылдардан бери матуридилкти кармап келе жатат. Эгемендик жылдарында айрым мамлекеттерде окугандар бөтөн акыйдага сугарылып келип, элдин башын айлантпашы керек…

Башка акыйда кармангандар биринчи кезекте матуридиликти толук түшүнбөйт, себеби окуган эмес. Экинчиден, ата-бабаларыбыз матуридиликти карманып келген (мужасимиттердин бул боюнча маалыматы жок). Мисалы, акындар поэзиясынан ахли сүннөт акыйдасын кездештиребиз:

«Туулган да эмес бирөөдөн,

Туулбайт да, эч бир туубайт да.

Туруктуу жерде бизге окшоп,

Турмушту куруп турбайт да.

Теңеп да болбойт кишиге

Теңдеши жок да, куру жок.

…Турмушу жок да, үйү жок.

Кудайдын көрктүү мекени,

Көгүндө жок да, жерде жок.

Кудайды барып көз менен,

Көрүп да келген пенде жок».

Жыйынтыктап айтканда, Алланын заты жана сыпаттары жөнүндө сөз кылганда өтө этият болуу керек. Ислам тарыхында дал ушул маселеге байланыштуу туура жолдон адашкан бузуку тайпалар көп чыккан. Алар да өздөрүн туура деп эсептешкен. Азыркы күндөрү ахл-и сүннөт (матуридилик жана ашъарилик) акыйдасына байланышы жок, мазхабсыз фитналуу жамааттар өздөрүн гана туура деп эсептеп, бейишти «менчиктей» бербей, криктикалык ой жүгүртүп, матуридия акыйдасы менен жакындан таанышып чыгуусун сунуштайт элек. Балким ошондо акыйкатты табышар…

Алла Таалам эч кимди туура жолдон адаштырбасын.

رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ اِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةًۚ اِنَّكَ اَنْتَ الْوَهَّابُ.

آمين

Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин орун басары

Колдонулган булактар:

  1. Имам Тафтазаний, Шарху Акоид ан-Насафиййа;
  2. Имам Матуриди, «Китабу ат-Тавхид»;
  3. Абу Муъин Насафи, «Табсирату аль-Адилла»;
  4. Абу Жафар Тахави, «Акыйда-и Тахавия»;
  5. Чубак ажы Жалилов, Акылбек Бекиев, «Тахавия акыйдасы»;
  6. Молдо Сабыр Досбол уулу, «Таухид: Акыйдалар жыйнагы»;
  7. А. Калбердиев, «Калам: Ахли сүннөт теологиясы»;
  8. Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак;
  9. Харун Ышык, Мурат Сердар, «Систематик келам I, II»;
  10. «Ыйман жарчылары»// «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду.

[1] Сөз пайгамбар доорундагы(!) салаф-и саалихин жөнүндө болууда

[2] Куранда келүүсү

[3] Же болбосо Имам Матуриди айткандай, و هى لا هو و لا غيره

[4]Теңдешкис эмгектери жана бар экенинин далилдери айдан ачык

[5] Заты эч кимге маалым эмес.

[6] Сөз хабарий сыпаттарды тафвиз жузъий жорум кылган бузуку тайпалар жөнүндө болууда

[7]وهو شىءٌ لا كالأشياءِ، ومعنى الشىءِ إثباتُهُ بلا جسمٍ ولا جوهرٍ ولا عَرَضٍ، ولا حدَّ لهُ، ولا ضدَّ لهُ، ولا ندَّ له، ولا مِثلَ لهُ، ولهُ يدٌ ووجهٌ ونفسٌ كما ذكرَهُ اللهُ تعالى في القرءانِ، فما ذكرَهُ اللهُ تعالى في القرءانِ، منْ ذكرِ الوجهِ واليدِ والنفسِ فهو لهُ صفةٌ بلا كيفٍ، ولا يقالُ إنّ يدَهُ قدرتُهُ أو نعمتُهُ، لأنَّ فيهِ إبطالُ الصفةِ، وهوَ قولُ أهلِ القَدَرِ والإعتزالِ، ولكنْ يدُهُ صفتُهُ بلا كيفٍ، وغضبُهُ ورضاهُ صفتانِ من صفاتِهِ بلا كيفٍ (الفقه الأكبر)

[8] Имам Матуридинин «Китабу ат-Тавхид» аттуу эмгегинин 132-бетинде мындай ибааралар бар:

الأصل فيه أن الله سبحانه كان و لا مكان، و جائز ارتفاع الأمكنة و بقاؤه على ما كان؛ فهو على ما كان، و كان على ما عليه الآن. جلّ عن التغيّر و الزوال و الاستحالة و البطلان؛ إذ ذلك أمارات الحدث التي بها عُرِف حدَث العالم و دلالة احتمال الفناء؛